Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 25/2

Айылды инвестициялоо” долбоорунун 3-этабынын конкурстук комиссиясынын чечимин талкуулап бекитүү жөнүндө

Айылды инвестициялоо” долбоорунун 3-этабынын конкурстук комиссиясынын

чечимин талкуулап, Тендик айылына спорт комплексинин жана Кочкор айылынын VII-VIII чөлкөмдөрүнө, Көбөгөн-Сай конушуна жаны бала бакча куруу көйгөйлөрүнүн артыкчылыктарын аныктоо боюнча депутаттардын жабык жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылды инвестициялоо” долбоорунун 3-этабынын конкурстук комиссиясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин.

2. Айылды инвестициялоо” долбооруна Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай конушуна жаны бала бакча куруу Кочкор айыл аймагынын учурдагы эн көйгөйлүү маселеси деп табылсын.

 

Төрага

А. Аситов