Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 25/3

Ж.А. Турдукожоевага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Турдукожоева Жамила Андабековнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын жашоочусу Турдукожоева Жамила Андабековнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы А. Т. Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Аситов