КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 25/4
Дүйшеева Замира Дүйшеевнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Дүйшеева Замира Дүйшеевнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук жарандардын абал актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Дүйшеева Замира Дүйшеевнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы А.Т. Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |