Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 25/5

Алжанбаев Ишенбек Сейдекеримовичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Алжанбаев Ишенбек Сейдекеримовичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын финансы боюнча башкы адиси Алжанбаев Ишенбек Сейдекеримовичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

төрага

А. Аситов