КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 25/6
Бейшембаев Өмүрбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Бейшембаев Өмүрбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын педагогикалык кенешинин № 2 токтомун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын педагогикалык кеңешинин № 2 токтому бекитилсин.
2. Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору Бейшембаев Өмүрбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |