Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 25/8

Бокошов Азамат Бектургановичке «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор айылдык Кенешинин депутаты Бокошов Азамат Бектургановичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты Шабданалиев Эрнис Мусакеевичтин сунушун жана тиешелүү документтерин карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылдык кеңешинин № 4135-шайлоо округу боюнча депутаты Бокошов Азамат Бектургановичке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы А.Т. Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Аситов