Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 26/3
Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджети боюнча долбоорун жана Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети кирешелер боюнча 27877,7 миң сом, чыгашалар боюнча 27877,7 миң сом суммасында, 2016-жылдын 01-январына карата калдык 6213,8 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу башкы эсепчи Г.Д. Калыковага, салык инспекторлору К. Сабырбек кызына, Ж.Б.Сырдыбаевага, Ч.А.Сманкуловага милдеттендирилсин.
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметаларга ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго, башкы эсепчи Г.Д. Калыковага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т. Аситов |