Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 ноябры № XXVII- V
Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинде каралган акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Гулистан айылдык округунун 2012-жылда түзгөн бюджеттик сметасынын айрым беренелеринге чегерилген акча каражаттары толук пайдаланылбай калгандыгына, акы боюнча көрсөтүлгөн беренедеги акча каражатынын жетишпей жаткандыгына байланыштуу бардык беренелерде пайдаланылбай калган акча каражаттарын башка беренелерге жылдыруу жөнүндөгү суранычын карап чыгып, Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинде айрым беренелерге каралып, иштелбей калган акча каражаттарын башка беренелерге иштетилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин айрым беренелериндеги акча каражаттары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахнмов |