Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 26/4
Орус мүрзө участкасындагы жер аянтын турак жай курулушу алдындагы жер аянттарына трансформациялоо (которуу) жөнүндө
Кочкор районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан чийилген план схемага ылайык Теңдик айылынын аймагындагы “Орус мүрзө” участкасындагы 10,2га. жер аянтынан жарандарга жекече турак жай курууга жер аянттары бөлүнүп берилген. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан жогорудагы жер аянты айыл ичиндеги асылдуулугу өтө төмөн жайыт жерлеринен турак алдындагы жерлерге которуу боюнча аныктама берген. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылындагы “Орус мүрзө” участкасындагы айыл ичиндеги асылдуулугу өтө төмөн жайыт жерлеринин багыты өзгөртүлүп турак жай курулушу алдындагы жерлер категориясына которулсун.
2. Жер кадастрына, инвентаризациялоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жекече турак жай курууга жер аянттарын алган адамдардын тиешелүү документтерин берүү Кочкор райондук Мамкаттоо башкармасынан суралсын.
Төрага | А.Т. Аситов |