Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 26/5
Муниципалдык менчиктеги имаратты Мамкаттоого берүү жана кошумча имарат курууга парктан жер аянтын берүү жөнүндө
Кочкор райондук Мамкатоо башкармалыгы 216-жылдын 19-февралындагы № 96-каты Кочкор райондук граждандардын абалынын актыларын каттоо бөлүмүнүн имаратын жанаша жер аянты менен мамкаттоого өткөрүп берүүнү сурап кайрылган. Мамкаттоо башкармалыгынын катын карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708-токтомунун 2-пунктунун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Кочкор райондук граждандардын абалынын актыларын каттоо бөлүмүнүн имараты, анын орду жана жанаша жер аянты бардыгы 1474,32 чарчы метр жер аянты менен Кочкор райондук Мамкаттоо башкармасына баланстан баланска акысыз өткөрүлүп берилсин.
2. Имаратты жанаша жер аянты менен өткөрүп берүү жана курулуш курууга уруксаат берүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т. Аситов |