Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 26/8
Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн аппаратынын штаттык бирдиги жѳнγндѳ
Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн аппараттын штаттык бирдигине айырым ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизип бекитип берγγнγ сураган Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 19-февралындагы № 137-катын карап. «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн штаттык бирдигине айрым ѳзгѳртγγлѳр киргизилип администрациялык кенже муниципалдык кызмат орундары: М-Б категориясындагы "жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча адис" адиси" маалыматтык компь ютердик технологиялар боюнча адис" адиси, М-А категориясындагы "жер, турак жай маселелери жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча адис" жетектѳѳчγ адиси "салык иинспектору" жетектеечу адисине которулсун.
2. Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн аппартынын штаты: башчы, орун басар, жоопту катчы, ФЭБнун начальниги-башкы эсепчи, 5 башкы адис, 7 жетектѳѳчγ адис, 7 адис 3 техникалык жана кенже тейлѳѳ кызматкерлери бардыгы 26 штаттык бирдигинде тиркемеге ылайык бекитилсин.
Төрага | А.Т. Аситов |