Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 26/11
Каракужур ѳрѳѳнγндѳгγ Чоң Булак суусуна курула турган кѳпγрѳгѳ ѳздγк салымга акча каражатын бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Жайыт комитета Каракужур ѳрѳѳнγндѳгγ Чоң Булак суусуна АРИС аркылуу 670,0 миң сомго курула турган кѳпγрѳгѳ ѳздγк салымга 32,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ акча каражатын бѳлγп берγγнγ сурап кайрылышкан. Жайыт комитетинин кайрылуусун карап, «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракужур ѳрѳѳнγндѳгγ Чон Булак суусуна АРИС аркылуу 670,0 миң сомго курула турган кѳпγрѳгѳ ѳздγк салымга 40,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ акча каражаты бѳлγнсγн.
2. Бѳлγнгѳн акча каражатын АРИС проектиси менен курула турган кѳпγрѳ боюнча ачылган депозитивдик счетко же жайыт комитетинин счетуна которулуп берилсин.
Төрага | А.Т. Аситов |