Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 263/32-6
Кооптуу абалдагы тал-теректерди кыюуда курулушка жарактуу 1 м. куб теректин жана отундун баасын өзгөртүп кайрадан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-5-пункттары жана Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги кооптуу авариялык абалдагы теректерди кыюуда 1 м. куб курулушка жарактуу теректин баасын 1200 (бир миң эки жүз) сомдон, 1м.куб отундун баасын 500 (беш жүз) сомго чейин арзандатып, бекитип берүү жөнүндөгү Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги 01-4/479 чыгыш сандуу каты боюнча Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын № 2 протоколдук сунушуна негизинде карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 22.07.2015-жылдагы № 194/23-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарында кооптуу авариялык абалдагы тал-теректерди кыюуда курулушка жарактуу 1 м.куб теректин баасы 1200 (бир миң эки жүз) сом, 1м.куб отундун баасы 500 (беш жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т. Киргабаков) курулушка жарактуу 1м. куб теректи, отунду бекитилген баага ылайык сатуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |