Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 264 /32-6
Талас шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.04.2016-жылдагы № 01-4/484 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарын көрктөндүрүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
Тиркеме
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-апрелиндеги №264/32-6 токтому менен бекитилген |
I. Талас шаарын көрктөндүрүү эрежелери
1.1 Талас шаарын көрктөндүрүү эрежелери (мындан ары – Эреже) көрктөндүрүү тармагындагы мамилелерди тескейт жана бирдиктүү милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдерди жана талаптарды аныктайт.
1.2 Эреже Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын шаардын аймагындагы сырткы көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү коргоо багытындагы мыйзамдардын негизинде иштелип чыкты.
1.3 Талас шаарында тазалыкты жана тартипти камсыздоо аймактарды тазалап, жыйноо, санитардык тазалоо багытында иш алып барган шаардык кызматтардын ишмердүүлүгүн координациялайт.
1.4 Аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо, жыйноо иштерин уюштуруу, ченемдик-укуктук актылар менен бекитилип берилген жер участоктордун ээлерине жана ижарачыларга жүктөлөт.
1.5 Бул эреженин талаптарынын аткарылышына Талас шаардык мэриясы, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы жана тиешелүү мекемелер көзөмөл кылышат.
II. Негизги түшүнүктөр
2.1 Шаарды көрктөндүрүү – шаардын аймагында калктын көңүл ачуусуна жагымдуу, саламат жана маданий шарттарды түзүүгө багытталган жумуштардын жана иш чаралардын жыйындысы.
2.2 Жанаша аймак – имараттардын, курулуштардын, курулуш аянтчалардын, тосмолордун, соода объектилеринин чек араларына жанаша жайгашкан аймак.
2.3 Өндүрүш таштандылары – өндүрүш процессинде пайда болгон сырьёлордун, материалдардын, чала фабрикаттардын, буюмдардын калдыктары жана жарактан чыккан товарлар.
2.4 Турмуш-тиричилик таштандылары (мындан ары – ТТК) – керектөөдөн пайда болгон тиричилик таштандылары.
2.5 Контейнер –ТТКны чогултууга арналган стандарттык идиш.
2.6 Аймакты санитардык тазалоо – аймакты тазалап, ТТКны чогултуп чыгаруу.
2.7 ТТКны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишими – заказ берүүчү менен ТТКны чыгарган ишкана ортосунда ТТКны кабыл алуу жана ташып чыгаруу боюнча юридикалык күчкө ээ болгон кат жүзүндө түзүлгөн макулдашуу.
2.8 ТТКны чыгаруу графиги – ТТКны чыгаруу күнү, убактысы, орду көрсөтүлгөн келишимдин түзүмдүк бөлүгү.
2.9 ТТКны ташып чыгаруучу ишкана (мындан ары – Ишкана) – Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан атайын ченемдик-укуктук актынын негизинде же келишимдин негизинде ТТКны ташып чыгаруу кызматы өткөрүлүп берилген ишкана.
III. Шаардын аймагын санитардык тазалыкта кармоо иштерин уюштуруу жана ТТКны ташып чыгаруу
3.1 Ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген графикке ылайык, калктан борборлошкон тутум боюнча ишкананын унаасы менен ТТК ташып чыгарылат.
3.2 Бардык ишканалардан, коомдук имараттардан жана мекемелерден ар бир ишкана менен ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишими түзүлүп жатканда макулдашылган графигине ылайык ТКК ташып чыгарылат.
3.3 Милдеттүү түрдө ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишимин түзүүчү объектилерине төмөнкүлөр кирет:
- турак-жай үйлөрү (көп батирлүү, жеке куруудагы үйлөр);
- коомдук имараттар жана мекемелер (мектептер, окуу жайлар, мектепке чейинки мекемелер, маданият-тиричилик максатындагы мекемелер, менчик түрүнө карабастан бардык даарылоочу мекемелер);
- өндүрүш ишканалары жана уюмдары;
- соода жана коомдук тамактануу ишканалары;
- соода-сатык ишканалары, базарлар;
- капиталдык эмес объекттердин ээлери (автоунаа токтоочу жайлар, гараждар, складдар, соода жана кызмат көрсөтүүчү объектилер).
3.4 Келишимде эки жактын укуктары жана милдеттери каралат.
3.5 Келишимге эки келишим түзүүчү жактын колдорунан башка милдетүү түрдө кабыл алууга тыюу салынган ТККнын тизмеги тиркелет.
3.6 Контейнерлер атайын жасалган аянтчаларда жайгаштырылат.
3.7 ТТК чыгаруу үчүн контейнерлер орнотуучу аянтчанын үстү асфальтталган же бетондолгон болуусу жана атайын унаанын чыгарып кетүүсүнө ыңгайлаштырылып, орнотулуусу зарыл.
3.8 Контейнерлердин тегереги дайыма кожоюндары тарабынан тазаланып туруусу керек.
3.9 Контейнерлердин техникалык абалы акшы, сырдалган жана кожоюнун реквизиттери көрсөтүлгөн маркировка болуусу зарыл.
3.10 Базарларда, парктарда, эс алуу жайларында, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка эл көп келүүчү жерлерге, көчөлөргө, көп батирлүү үйлөрдүн подъезддеринде, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун аялдамаларынын, соода объектилеринин жанына урналар орнотулуусу керек.
Урналар кожоюндары тарабынан толгонуна жараша тазаланып турат. Аялдамалардын жанында жайгашкан урналар аялдаманын жанында павильондун же соода түйүнүн ижарачылары тарабынан, ал эми соода объектилеринин жанында жайгашкан урналар соода мекемелери тарабынан тазаланып турат.
Урналар бир жылда бир жолу зарылчылыгына жараша кожоюндары тарабынан, тиешелүү кызматтар тарабынан сырдалып турат.
3.11 Шаарды санитардык тазалап, жыйноо иштери бул эрежелердин талаптарына, Талас шаардык мэриясы тарабынан бекитилген инструкциялар жана сунуштамаларга ылайык, жүргүзүлөт.
3.12 Талас шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, ишканалар, уюмдар жана мекемелер менчигинин түрүнө карабастан, Талас шаарынын жашоочулары шаарды санитардык тазалоо иштерине тартылышы мүмкүн. Аткарыла турган иштер жөнүндө убактысын Талас шаардык мэриясы аныктайт.
3.13 Талас шаардык мэриясы ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана ижарачылардын шаарды санитардык тазалоо боюнча аймактарынын чектерин аныктайт.
IV. Тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу
4.15 Юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар шаардын анын ичинде жеке турак үйлөр, көп батирлүү үйлөр өздөрүнө тиешелүү аймагын тазалыкта кармоого жана тартипти сактоого милдеттүү.
4.16 Шаардын аймагында, жол жээктерине, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларга, белгиленбеген жерлерге ТТК, курулуш, өндүрүш таштандыларын, кап, ящик, жыгачтын кесиндилерин, жалбырактарды, чөптөрдү, малдын кыктарын, көмүрдүн жана жыгачтын күлүн төгүүгө тыюу салынат.
4.17 Шаардын аймагында жол жээктерине, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларга курулушка керектелүүчү материалдарды, кум, шагыл, таш, топурак төгүүгө тыюу салынат.
4.18 Шаардын аймагында жол жээктерине, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларга жана белгиленбеген жерлерге көмүр, күйүүчү-майлоочу майларды, азык-түлүктөрдү кийимдерди ж.б. бумдарды сатууга тыюу салынат.
4.19 Көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, бактарды, жана башка коомдук жайларды булгоого тыюу салынат.
4.20 Шаардын, короо-жайлардын, токойлордун, токой тилкелеринин ж.б. аймагында бардык түрүндөгү ТККны күйгүзүп, өрттөөгө тыюу салынат.
4.21 Жол жээктерине, жеке турак үйлөрдүн санитардык аймактарына агынды сууларды агызуучу септик орнотууга, ажаткана курууга тыюу салынат.
4.22 Арыктарга, коллектордук-дренаждык тармактарга агынды сууларды кошууга тыюу салынат.
4.23 Капиталдык эмес объекттердин ээлери (автоунаа токтоочу жайлар, гараждар, складдар, соода жана кызмат көрсөтүүчү объектилер) бөлүнүп берилген аймактарды санитардык тазалоо жана жыйноо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
Фасаддар
4.24 Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, алардын карамагындагы имараттардын жана курулуштардын фасаддарын жана анын элементтерин (балкон, лоджия, суу агуучу түтүктөрү) жаңылоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, фасаддардагы маалымат тактайчаларын оң абалда кармоого милдеттүү.
4.25 Имараттардын фасаддарын өзү каалагандай кылып, кайра жабдууга тыюу салынат.
4.26 Турак үйлөрдүн, административдик, өндүрүштүк жана коомдук имараттар аншлагдар менен жабдылуусу тийиш.
Аншлагдар тазалыкта жана оң абалда болуусу тийиш. Анын тазалыгына имараттардын ээлери жооп берет.
4.27 Кыш мезгилинде имараттардын ээлери, ижарачылары чатырларды кардан, муздан тазалоо өз убагында тазалап туруусу керек.
4.28 Имараттардын чатырынын жөө адамдар өтүүчү тарабы тез арада кардан, муздан тазаланууга тийиш.
Курулуш объектилери
4.29 Курулуш жүрүп жаткан объектинин тегерендиндеги аймакты таза кармоо, кайрадан жаңылоо жана оңдоо иштери менчик ээлерине жүктөлөт.
4.30 Курулуш аянтындагы курулуш жана өндүрүш таштандыларын сактоо үчүн курулуш ишканасынын долбооруна ылайык, атайын бөлүнгөн жерде, жабдылуусу же бункер орнотулуусу тийиш.
4.31 Курулуш, өндүрүштүк таштандысын же кум, таш топуракты атайын бөлүнбөгөн жерде сактоого тыюу салынат.
Көркөм жасалгалоо жарнама
4.32 Сырткы жарнама жана маалымат каражаттары тазалыкта кармалуусу тийиш. Түнкү убакта жарыктандырылуусу тийиш. Аларды талаптагыдай кармоого уруксат кагаздары берилген юридикалык жана физикалык жактар жооптуу болуп саналат.
4.33 Имараттарга, короолорго (забор), аялдамаларга, электр мамыларына, көмөк чордондорго, тал-теректерге кулактандырууларды, жана башка маалымат баракчаларын илүүгө, жармаштырууга тыюу салынат.
4.34 Бардык объектилерде менчигинин түрүнө карабастан имараттардын фасадына, дүкөндөргө өзүм билемдик жайгаштырылган жарнамаларды, кулактандырууларды, жазууларды жана сүрөттөрдү алып, тазалоо иштерин уюштуруу Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлөт.
Талас шаарын көрктөндүрүү Эрежесин бузган юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
4.35 Эрежени бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылышат.
4.36 Юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан бул Эрежени бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылышат.
4.37 Эреженин IV бөлүкчөсүндөгү талаптарды сактабаган, 4.33-пункттагы талаптарды аткарбаган жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат.