Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19- апрели № 265 /32-6
Талас шаарындагы Баатырлар аллеясына XVIII кылымга таандык Кара-Буура аймагынан чыккан Итеш баатырдын бюстун коюуга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешине келген Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын жалпы тургундарынын кайрылуусунун негизинде, Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба,транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, 2016-жыл–Тарых жана маданият жылына карата XVIII кылымда кыргыз жерин сырт душмандардан коргоп, мамлекеттүүлүктү сактап калууда баатырлык көрсөткөн Итеш баатырды кийинки урпактарга таанытуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Баатырлар аллеясына XVIII кылымга таандык Кара-Буура аймагынан чыккан Итеш баатырдын бюстун коюуга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |