Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 266 /32-6
Талас шаарында турак жай маселелери боюнча комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 14-апрель 2016-жылдагы № 01-4/514 сандуу катын карап, талкуулап чыгып Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында турак жай маселелери боюнча комиссиянын жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына( Б. Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
Тиркеме
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 19-апрелиндеги №266/32-6 токтому менен бекитилген |
Талас шаарындагы турак жай маселелери боюнча комиссиясы жөнүндө жобо
1.Талас шаарындагы турак жай маселелери боюнча комиссиясы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана турак жай маселелери боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Турак жай маселелери боюнча комиссия (мындан ары- Комиссия), турак жайга муктаж жарандарды эсепке алуу жана муниципалдык турак жай фондунан жарандарга турак жай берүү, ошондой эле Талас шаарындагы жарандарга батирлерди менчиктештирүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты камсыздоо максатында түзүлдү.
3. Талас шаарындагы турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамы:
- Талас шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
- Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Талас шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугуна ээ эмес) ;
Комиссия мүчөлөрү:
- Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи;
- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
- Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
- Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси;
- Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы;
4. Комиссиянын курамы Талас шаардык мэриясынын буйругу менен бекитилет.
5.Комиссиянын иш милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- турак жай алууга кезекте тургандардын журналына каттоо максатында, турак жай шарттарын жакшыртууга жарандардын муктаждыгын таануу боюнча документтер топтомун кароо;
- турак жай аянтын берүү жөнүндө маселени кароо;
- жарандардын кезекке коюу, турак жай берүү жана башка турак жай маселелери боюнча кайрылууларын жана даттанууларын кароо;
- Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жана башка турак жайды ижарага берүү жөнүндө келишим түзүүгө уруксат берүү;
- Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жана башка турак жайларды менчиктештирүүгө уруксат берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу.
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- каттоого коюу, каттоодон алуу же турак жай аянтын берүү боюнча маселени чечүү үчүн, жерине баруу менен жарандардын турак жай шарттарын иликтөө, ошондой эле комиссиянын отурумуна кызыкдар адамдарды чакыруу.
7. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурумдарды өткөрүү түрүндө жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө даярдалат, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссия материалдардын келип түшүүсүнө жараша иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин комиссиянын катчысы алып барат.
Комиссиянын отурумунда, комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу. Комиссиянын чечими, комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен ачык шайлоо менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калса, төрагалык кылуучунун чечими чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү, бир маселени кароодо эгер каржылык кызыкчылыгы болсо же чечим кабыл алып жаткан арыз берүүчү менен туугандык мамиледе болсо, ошол маселени кароодон жана добуш берүүдөн бошотулат.
Комиссиянын өзүнүн архиви болот, анда анын бардык отурумдарынын протоколдору, комиссиянын ишмердүүлүгү менен байланышкан башка материалдар сакталат, алардын сакталышын комиссиянын катчысы камсыздайт.
Турак жай комиссиясынын отурумунун протоколуна, отурум өткөн күндөн баштап беш жумушчу күнүнүн ичинде турак жай комиссиясынын төрагасы кол коет жана турак жай комиссиясынын катчысында сакталат.
Комиссиянын отурумунда катчы протокол жазат. Протоколдо комиссиянын аталышы, отурумдун датасы, протоколдун номери, комиссиянын мүчөлөрүнүн саны жана отурумга катышкандардын тизмеси, күн тартиби чагылдырылат. Протоколго каралып жаткан маселелердин кыскача мазмуну, ал боюнча кабыл алынган чечим, зарыл учурларда конкреттүү маселелер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери жазылат.