Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели № 268 /33-6
Түркия мамлекетинин Тавас шаардык мэриясына боордош бир тууган шаарлар аралык кызматташтык алаканы түзүү максатында делегацияны жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 01-2/593 сандуу катынын негизинде Түркия мамлекетинин Тавас шаардык мэриясы менен боордош бир тууган шаарлар аралык кызматташтык алаканы түзүү жана 2016-жылдын 24-майында өтө турган Ахилик маданият жумасына катышуу максатында делегацияны жөнөтүү жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясына Түркия мамлекетинин Тавас шаардык мэриясы менен боордош бир тууган шаарлар аралык кызматташтык алака түзүүгө макулдук берилсин.
2. Түркия мамлекетинин Тавас шаардык мэриясы менен боордош бир тууган шаарлар аралык кызматташтык алака түзүү жана 2016-жылдын 24-майында өтө турган Ахилик маданият жумалыгына катышып келүү максатында 7 адамдан турган делегация жөнөтүлсүн.
3. Делегациянын Түркияга барып келүү жол киреси жергиликтүү бюджеттен каржыланып берилсин.
4. Каражат Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга карата сметасында каралган суммасына өткөрүлгөн сатып алуулардан (тендерлерден) үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 230,0 мин сом бөлүнүп, Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
5. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизип, каржылоо жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) милдеттендирилсин.
6. Кабыл алынган токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |