Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели № 269 /33-6
Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 23-мартындагы № 261/31-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-пункту, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 265-беренеси, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 01-1/600 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 2016-жылдын 23-мартындагы № 261/31-6 сандуу токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- “Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясындагы” деген сөз “...Талас шаарынын Бердике Батыр көчөсүндөгү эки кабаттуу № 214-үйүнүн 4-батири жалпы аянты 54,58м.кв. турак жайы Талас шаарынын муниципалдык менчик обьектилеринин реестрине киргизилсин” деп өзгөртүлсүн.
2. Кабыл алынган токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюдет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |