Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30 апрели № 270 /33-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин № 240/31-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык мэриясынын 29.04.2016-жылдагы № 01-1/603 сандуу катын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин № 240/31-6 сандуу токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Мал санак боюнча жасалган жана жасала турган жумуштар үчүн 57,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясынан Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органына которуу аркылуу;
- Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин окуучусу Ү.Джузупбеков дүйнөнүн жана Азиянын биринчилигинде байгелүү орун алгандыгы үчүн 50,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдар спорт мектеби аркылуу;
- Талас шаардык каржы бөлүмүнө учурдагы сатып алуулар жана унаа чыгымдар беренесине бөлүнгөн 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык каржы бөлүмү аркылуу;
- Тазалык, кооздук шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга деген долбоорду өткөрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн 40,0 мин сом Талас шаардык кенеши аркылуу ;
2. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бөлүнгөн акча каражаттары менен камсыздоо жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Ж.М. Ниязалиев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов Р.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |