Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15 апрели № 10
Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Таза суу” муниципалдык менчик ишканасы Баткен шаардык кеңешинин IV чакырылыштын кезектеги XXIV сессиясында 2012-жылдын 18-сентябрындагы №2-3/35 токтому кайрадан жаныдан ачылган. “Таза суу” ишканасы Баткен шаарынын элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу милдети менен 1961-69 жылдары 16,2 чакырым, 1980-жылы 40 чакырымдык суу линиясы менен иштей баштаган. 2002-жылы АБРдин долбоору менен 35 чакырым, 2004-жылы 6,8 чакырым суу линиясы кошумчаланган.
Бүгункү күндө шаар калкы өсүп ичүүчү таза сууга болгон муктаждык канчалык иш жүргүзүлгөндүгүнө карабай толук кандуу чечилбей келет. Тактап айтканда шаар калкына 24 саат таза суу берүү үчүн ЕБРР дин чон долбоорун ишке ашуу шаар мэриясынын, таза суу ишканасынын жана шаардык кенештин алдында ишке ашыруучу жоопкерчиликтүү иш планы. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлктөр пайдаланып ар бир иш кагаздары үчүн жооптор берилип даярдыктар көрүлүп жатат.
Таза суу муниципалдык ишканасы 244 даана таза суу коледецтери менен 6200 кожолука, мекеме ишканаларга,56 комерциялык мекемелерге жана элге суу беришет. Анын ичинде 604 кожолук короо ичиндеги таза суу түтүкчөлөрүн колдонушат.
Таза суу муниципалдык ишканасы өзүн өзү каржылоого суу линиясы жагынан толук мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Бирок Таза суу муниципалдык ишканасына 2012-жылы булганыч суулар (канализация) системасы кошулуп берилгендиктен, канализация системасы аксап келет. Шаарда 20 чакырым канализация системасы бар. Анын ичиенен 5,5 чакырым иштейт. 2013-жылы калыбына келтируу иштеринин натыйжасында Q-200 тазалоо системасы ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө Q-200 тазалоочу система Султанмурат минбашы көчөсүнө курулган негизги трасса аркылуу, агып келүүчү булганыч сууга гана эсептелгендиктен, ошол линия гана тазаланып келет. Бирок тазалоочу жайдагы койулган “ГРУНДФОС” насосунун бири иштен чыгып калгандыктан экинчиси авариялык абалда күч келүү “нагрузка” менен иштеп турат. Иштен чыккан насосту ондоо чаралары көрүлүп жатат. Экинчи насос да кокустук болуп иштен чыкса шаар толугу менен экологиялык форс-мажор абалына кабылуу коркунучу бар. Ошол кокустуктун алдын алуу чараларында экология агенттигинин жаратылышты коргоо департаментине долбоор сунушталган.
Ишкананын булганыч суулар тазалоо системасы тарабындагы өтө орчундуу маселе бул Жибек-Жолу көчөсүндөгү жана СССРдин 60-жылдыгы көчөсүндөгү канализациялык линия болуп саналат.
Жибек-Жолу көчөсүндөгү булганыч сууларды тазалоо линясынын жалпы узундугу 5 чакырым 58 колодец бар анан 8 үстү жабык 50 колодецтин үстү ачык. Себеби бул линия көп жылдардан бери иштебей калгандыктан, үстүно бак дарактар өсүп, линиянын турбаларына кум толуп калган. 50 колодецтин 31 коледеци тазаланып калган колодецтер тазалоо алдында турат. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан бери колодецтерден 50 рейстен ашуун ассензатор машинасы аркылуу булганыч суулар сордурулуп тазаланган. Ошого карабастан жасалган иштер натыйжасын бербей келет. Булганыч суулар системасы бир калыпка салынып кетпей жаткандыгына байланыштуу Таза суу муниципалдык ишканасы толук түрдө өзүн өзү каржылоого өтө албай келет.
Шаар элине ичүүчү таза сууну үзгүлтүксүз берүү, булганыч сууларды атайын жайларга чыгаруу максатында, шаардык бюджеттен 2016-жыл үчүн 6790, 5 мин сом бөлүнүп берилген.
2015-жылы бардыгы болуп “Таза суу” муниципалдык ишканасы 4,225 млн.сом топтогон анын ичинен ичүүчү таза суу үчүн 3,847 млн. Сом, булганыч суулар үчүн 129 850 сом, тех. Условиялар үчүн 248 508 сом. Топтогон акча каражаттары максатуу пайдаланылган.
Жогорудагы шаардык Кеңештин курулуш, өнөр жай, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын аныктамасынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын.
2. Шаар элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда, булганыч сууларды атайын жайларга чыгарууда кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюуу үчүн чараларды көрүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. ЕБРР дин долбоорун ишке ашырууда комиссиянын ишине /ЕБРР дин КР өкүлчүлүгүнө/ “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси /Д.Камчыев/ такай катышуусун камсыз кылуу жагы шаар мэриясына эскертилсин.
-ЕБРРдин долбоорлоо иштери башталган учурдан баштап шаардык Кеңештин жана шаар мэриясынын өкүлдөрүнүн турган жумушчу комиссия курамы түзүлсүн.
4. Булганыч сууларды атайын жайларга чыгаруу системасын толук кандуу ишке киргизүү менен экологиялык коркунучтардын алдын алуу чараларын көрүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш курулуш, өнөр жай, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М. Султанов/ тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |