Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15- апрели № 11
Муниципалдык менчик департаментинин КБФнын жерлеринин абалы жана ижарага берүүнүн абалы жөнүндө
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин КБФнун жерлеринин абалы жана ижарага берүүнүн абалын туруктуу комиссия карап чыкты.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасындагы КБФнын жалпы жер аянты 469.0га анын ичинен
Сугат айдоо жер – 268.2 га
Кайрак жер – 77.0 га
Бак - 123.8 га
Сугат айдоо жердин абалы дыйкандардын жер иштетүүсүнүн кызыгуусунан ижарага берилген жерлерди иштетүүдө агротехникалык эрежелерди сакталгандыгынын натыйжасында жер кыртышы жылдан жылга жакшырууда.
Кызыл-Бел айылындагы 3.0 га сугат жер ижарага берилбей жер иштетилбей суу жетпей бадал өсүмдүктөр (Жылгын) басып эгин эгүүгө жарабай калган ал жерге жергиликтүү бюджеттен 45 мин сом акча каражаты каралып, ирригациялык каналдарды, бадалдарды кесип тазалоо иштери каралууда.
Булак-Башы кварталындагы Намазгөй участкасындагы 3.0 га айдоо жер шор басып эгин эгүүгө жараксыз абалда.ижарага берилбейт. Бул жерди комиссия мүчөлөрү Баткен шаарынын мэриясына жерди кайра иштетүү үчүн узак мөөнөткө ижарага берүү менен бак кылууга уруксат берүү керектигин, андан тышкары 1.5 га Булак-Башы башталгыч мектебинин жана балдар бакчасынын жер аянты жана 2.8 га Манас паркынын жерлери, жалпысынан 4.3 га сугат жер бойдон катталып тургандыктан бул жерлерди тез аранын ичинде трансформациялап сугат айдоо жеринин балансасынан чыгарууну сунуштайт.
Мындан тышкары Баткен шаарынын аэропортунун жанындагы 54.0 га жер ижарага берилбей келет. Баткен шаарынын сугат айдоо жери жалпысынан 2015-жылы 194.3 га жер ижарага берилген болсо 2016-жылы 206.4 га сугат айдоо жер ижарага берилгендиги такталды.
2015-жылы сугат айдоо жер үчүн 374 300 сомдук жер ижарага берилген болсо ижара акысы 230500 сом жыйлган башкача айтканда 61.6 % ижара акысы жыйылган.Ал эми 2016-жыл үчүн ижарага берилген жер 528086 сомго жетти.
Баткен шаарынын Муниципалдык менчик департаментинин балансасында 77.0 га кайрак жер болсо анын 34.0 га жери (1 га жерди 300 сомдон) ижарага берилип калган 43.0 га күнгөй тарапта болгондуктан климаттык шартка байланыштуу ижарага берилбей калган. Кайрак жерден 10 200 сом гана жергиликтүү бюджетке түшөт.
Муниципалдык менчик департаментинин көп жылдык багынын аянты 123.8 га. Анын ичинен 104.5га бак ижарага берилип калган жерлер берилбей келет. М: Кызыл-Бел участкасындагы 36.0 га бак ижарага берилип 513400 сом ижара акысы жыйыла турган болсо 2015-жылы өрүк болбой калды деген шылтоо менен ижара акысы өндүрүлгөн эмес.
Баткен шаарынын Намазгөй участкасынан 4.0 га, Кызыл жол кварталындагы Кара Тоо участкасындагы 35.5 га, Кызыл-Бел участкасындагы 2.2 га Ат-Жолу участкасындагы 13.0 бак жерлер беш жылдык мөөнөт менен ижарага берген.Баткен шаарында 11.8 га бак тыт көчөт, Параң участкасында 2.0 га терек бак ижарага берилип калган жалпы аянты 19.3 бак ижарага берилген эмес.
Муниципалдык менчик департаментинин КБФ жерлерин ижарага берүү жагы 2015-жылга салыштырмалуу жакшы жагына жылыш бар экендиги жана 2016-жылга жалпы КБФнын жерлеринен 1056683 сом жергиликтүү бюджетке түшө тургандыгы белгиленип пландалууда.
Жогорудагы Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын аныктамасын угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин КБФнын жерлерин сарамжалдуу пайдаланууда жүргүзүп жаткан иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. КБФнын жерлеринин асылдуулугун артыруу ижарачыларга милдеттүү түрдө тапшыруу жагы келишимге такай киргизүү менен көзөмөл жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. КБФнын Кызыл-Бел участкасындагы өрүк бактардан 2015-жыл үчүн пландаштырылып, өндүрүлбөй калган акча каражатын өндүрүү менен планды толтуруу жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Бел участкасындагы КБФнын өрүк багын ижаралоодо аукционго шаар тургундарын катыштырууга артыкчылык көрсөтүлсүн.
5. КБФнын жерлерин инвентаризациялоо менен өрүк бактардын асылдуулугун карап чыгуу максатында шаардык кеңештин алдында жумушчу комиссия түзүлсүн.
-жумушчу комиссиянын маалыматы кезектеги сессияда уктурулсун
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик айыл чарба жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Акматов/ тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |