Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 13
Баткен шаардык кеңешинин депутаттарынын “Ата-Мекен” фракциясынан катарын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52 беренесинин 2-пунуктунун 1-пункутчасына ылайык “Ата-Мекен” саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык бөлүмүнүн, “Ата-Мекен” саясый –социалдык партиясынан Баткен шаардык Кенешине депутаттыкка кезектеги талапкер Айдарова Изатбүбүнүн үз ыктыяры менен Баткен шаардык кенешинин депутаттыгынан баш тартуу жөнүндөгү арызынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кенешине “Ата-Мекен” фракциясынан депутаттыкка талапкер кезектеги Айдарова Изатбүбү Жолдошовнанын өз ыктыяры менен баш тарткандыгы эске КР Борбордук шайлоо комиссиясына билдирилсин.
2 Баткен шаардык кеңешинин депутаттарынын катары “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттыка талапкер кезектеги Масеитов Базарбай Дадабаевич менен толуктоону бекитип берүү жагы КР Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Шаар калкына масаалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Алдашовага тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |