Редакцияот 15.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2016-жылдын 15-апрели № 17

Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине кошумча штат бирдигин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2012-жылдын 15-июлдагы № 33 Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пункутуна жана Баткен шаардык кеңешинин 5 чакырылыш үчүн бекитилген иштөө Регламентинин 2-главасынын 1.1пунукутунун 13-пункутчасына, Баткен шаардык кеңешинин курулуш, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде ылайык Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 1-башчынын орун басары, 1-чарба башчы штат бирдиги эсептелген сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен кармалууга макулдук берилсин. (смета тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун барасы М. Орозбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Рахматов