Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 19
Баткен шаарынын Сайдиман Ажи, Ө.Примкулов, Ж. Бөкөнбаев жана Г. Абдувалиева көчөлөрүн бир багыттуу жолго айландырууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2012-жылдын 15-июлдагы №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык Баткен шаарынын борбордук базарынын айланасын иретке келтирүү, коопсуздуктун алдын алуу чараларын көрүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Сайдиман Ажы көчөсү- М. Нургазиев көчөсүнөн күн батышты карай бир багыттуу жол жүргүзүлсүн; (картасы тиркелет)
-Ө.Примкулов көчөсү борбордук стадиондон түндүктү (борбордук базарды) карай бир багыттуу жол жүргүзүлсүн
-Ж.Бөкөнбаев көчөсү ишемби күн (башка күндөргө тиешеси жок) батышты карай Г. Абдувалиева көчөсү менен кесилишкенге чейин бир багытуу жол жүргүзүлсүн;
-Г. Абдувалиева көчөсү ишемби күнү (башка күндөргө тиешеси жок) түндүктү карай жүргүзүлсүн.
2. Борбордук стадиондун Ө. Примкулов көчөсүндөгү тосмосу алынып салынып, стадиондун негизги жолуна шлагбаум жана тосмолорду орнотуу, жол белгилерин орнотуу, жолдордогу тоскоолдуктарды тазалоо жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бир багыттуу жолдор жүргүзүлгөндүгү шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, өнөр жай коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М. Султанов/ тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |