Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 20
«Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна» толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “Кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 25-мартындагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин (тиркеме тиркелет)
2. Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К. Эргешов/ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М. Султанов/ тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 20 токтомуна № 1 тиркеме |
№
| Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж. | Дареги (көчөсү, кварталы) | Анын ичинен | ||||
Жалпы жер аянты мурдагы жер аянтынын багыты
| өзгөр түлгөн жер аянты нын өлчөмү (м2) | өзгөртүү сүз калтыр ылган жер аянтынын өлчөмү | өзгөртүүгө киргизилген жер аянтынын багыты | өзгөрүүсүз калтырылган жер аянтынын багыты | |||
1 | Жолдошова Алима | К.Сабыров | 204м2 (Ц-2) | 18 м2 | 186 м2 | 18м2 (Ж-1) | 186м2 (Ц-2) |
2 | Абдрахманова Сейли | С.Сыдыков | 660 м2 (П-1) | 6135м2 | 464,5м2 | 6135м2 (Ж-1) | 464,5м2 (П-1) |
3 | Маркаева Марзия | С.Сдыков, Жибек-Жолу | 900м2
| 900м2 | - | 900м2 (Ц-2) | - |
Жооптуу катчы: | Ж. Алдашова |