Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 -жылдын 29 декабры №2
Биз «Отуз –Адырлыкпыз» ураанын кабыл алуу жана «Жылдын мыкты адамы» наамын берүү жѳнүндѳ
Айылдык кеңештин депутаты С. Атамбиевдин чыгып сүйлѳгѳн сѳзүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык округунун жашоочуларынын социалдык абалын жакшыртуу максатында «Биз Отуз- Адырлыкпыз» урааны кабыл алынсын жана «Жылдын мыкты адамы» наамы берилсин.
2. Жогорудагы маселелер боюнча айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары Т. Аликулов Отуз-Адыр айылдык округунун мектептеринде, ооруканаларында ,ишкана уюумдарында иш чаралар планын иштеп чыксын жана аткарсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( К.Джумабаев )
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
Айдаров. О |