Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 21
Баткен шаардык жергиликтүү бюджеттин кээ бир бөлүгүнө өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” № 33 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна, Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 5-мартындагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаарынын Ж. Бөкөнбаев атындагы Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл үчүн бекитилген Баткен шаардык жергиликтүү бюджеттин кээ бир төмөнкү бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 205150 сом кыскартылып, Кыргыз Республикасынын Генералдык штабы тарабынан Баткен шаарында “Коопсуздук -2016” штабдык машыгуу өткөрүү үчүн 205150 сом төмөнкү статьяларга бөлүнүп берилсин:
-2222 “Товарларды сатып алуу” статьясына 182000 сом, -2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясына 20000 сом, -2214 “Күйүүчү май үчүн” статьясына 3150 сом.
3. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 70 000 сом кыскартылып, Ж. Бөкөнбаев ат. Орто мектебинин окуучуларын жаш милиционерлердин Республикалык туруна жөнөтүү үчүн 35000 сом, №3 А. Имаров Кызыл-Топу ат. Орто мектебинин окуучуларын “Театр” фестивалынын Республикалык туруна катышуу учун 35000 сом бөлүнүп берилсин.
4. Бишкек шаарында “Өрүкзар” футболдук мелдешин өткөрүүгө Баткен шаарынын демөөрчүлүгү үчүн Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 60 000 сом кыскартылып, 60000 сом чегерилүүгө макулдук берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |