Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын15-апрели № 22
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы аты жок көчөгө Дуйшөев Жусуптун ысымын ыйгаруу жөнүндө
«Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюуу, аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү» 2009-жылдын 22-декабрындагы № т12-5 токтомунун Баткен шаардык Кенешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин протоколунун, Баткен шаар мэриясынын сунушунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Коргон-Добо мечитинен Келечек АТОсунун Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки аты жок көчөгө маркум “Дүйшөев Жусуптун” ысымы ыйгарылсын.
2. Баткен шаарынын аймагындагы жаныдан ысым берилген көчөлөрдун аталыштары, шаар калкына шаардык «Өрүк зар» коомдук саясый газетасы аркылуу жγргγзγлсγн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |