Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-апрели № 23
Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 33 Мыйзамынын 2;3;5-пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин курулуш, өнөр жай коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап чыгып Баткен шарадык кеңешинин Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын инфраструктурасын 2016-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган иш чаралары үчүн бекитилген каражаттын ичинде, “Баткен–Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техника алынып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кенешинин курулуш, өнөр жай коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М. Султанов/ тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |