Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 22/2
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдардын божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2015-жылгы бюджетинин аткарылышы жөнγндө Орозбеков айыл өкмөтγнγн экономика жана каржы бөлγмγнγн башчысы-башкы эсепчи А.Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу көлөмγн «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджеттери жөнγндө № 371 4-V» мыйзамдардын негизинде тγзγлγп, сунушталып жаткандыгы жөнγндө билдирγγсγн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кеӊешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн2015-жылгы бюджетинин киреше бөлγгγнγн аткарылышы өзгөртγγлөрγ менен 14643,8 мин сомго, чыгаша бөлγгγнγн аткарылуусу 14836,2 миӊ сом өлчөмγндө бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылгы бюджетинин киреше бөлγгγ 14308,1 миӊ сом, чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 14308,1 мин сом өлчөмγндө № 1, 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлγгγ 338,8 миӊ сом өлчөмγндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2017-жылгы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлγгγнγн долбоору 14132,5 миӊ сомго № 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018-жылга Орозбеков айыл өкмөтγнγн бюджетинен каржылануучу мекеме- ишканалардын жылдык бюджетинин долбоору 13324,9 миӊ сомго № 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2016-жылга Орозбеков айыл өкмөтγнγн бюджетинен каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлγгγнγн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акы, соц фонд чегерγγлөрγ, тамак-аш, коммуналдык кызмат беренелерине чыгымдоолор жγргγзγлсγн.
7. Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылгы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар, штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтγлγлγшγ мγмкγн.
8. Айыл өкмөтγнγн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлγмγнө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
9. Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылга каралган бюджети 2016-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
Төрага | М. Эргешов |