Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 22/7
Орозбеков айыл өкмөтγнγн балансында турган скважиналар, КБФ жерлери, жерлерди инвентаризациялоо, Кадамжай шаары менен административдик аймакты ажыратуу жөнγндө
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтγнγн жер адиси А. Матисаевдин билдирγγсγн карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн балансында турган скважиналарды тактоо жагы айыл өкмөтγнѳ жγктөлсγн.
2. КБФнын ижара берилген жерлерин пайдалануудан баш тарткан тургундардын арыздарынын негизинде, жер аянттары кайтарылып алынып,кайрадан аукцион аркылуу ижарага берилсин.
3. Жерлерди инвентаризациялоо боюнча айыл өкмөтγнγн аймагында турган Анхор Сай участкасы Кадамжай шаарына ажыратылып берилип,айыл өкмөтγнγн административдик аймагы такталып, карталары бекитилсин
4. 2016-жыл ичинде айыл өкмөтγнγн ички инвентаризациялоо γчγн керектелγγчγ чыгымдарына айыл өкмөтγнγн бюджетинен 50000 (элγγ миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |