Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 22/13-10
Орозбеков айылдык кеңешинин 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдардын божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2015-жылгы бюджетинин аткарылышы жөнγндө Орозбеков айыл өкмөтγнγн Экономика жана Каржы бөлγмγнγн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу көлөмγн «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджеттери жөнγндө № 3714-V» мыйзамдардын негизинде тγзγлγп, сунушталып жаткандыгы жөнγндө билдирγγсγн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн аймагындагы атуулдарга салык төлөмдөрγнγн жеңилдиктеринен пайдалануу боюнча 2016-жылга салык кодексинин 344 беренесинин негизинде ВОВ, ДРА,ЧАЭС, пеисионерлер, Авган согушунун катышуучуларынын I371 4-V топтогу мγлк салыгына 50 пайыз жана 1-2 топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуу атуулдар салык төлөмдөрγнөн бошотулсун.
2. 2016-жылга айыл чарбасына арналбаган жерлер γчγн алынуучу салыктарга учетный ставка 1,4 өлчөмγндө, К1-коэфициенти 1,2 өлчөмγндө, таштандыларды чыгаруу салыгы айыл өкмөтγнγн ар бир кожолугу γчγн 50 (элγγ) сом, ал эми айыл өкмөтγнγн аймагында жайгашкан жеке менчик мекеме- ишканалардын жана соода тγйγндөрγнγн ар бир кызматкерлери γчγн ай сайын 50 (элγγ) сом өлчөмγндө толоо жагы бекитилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтγнγнфинансы экономика жана каржы бөлγмγнγн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджеттин киреше бөлγгγнө тийиштγγ тиркемелерди тγзγγ жагы милдеттендирилсин.
4. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлγмγнөн жогорудагы бюджеттин киреше бөлγгγнγн божомолдуу долбоорун көңγлгө алуу жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жγктөлсγн.
Төрага | М. Эргешов |