Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 22/13-11
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин атайын каражаттар бөлүгүн планын бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтγнγн 2016-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджеттери жөнγндө № 3714-V» мыйзамдардын негизинде тγзγлγп, сунушталып жаткандыгы жөнγндө билдирγγсγн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтγнγн аймагындагы жаңы балдар бакчасы ачылгандыгына байланыштуу, балдар бакчасынын тамак аш статьясына 338,8 миң сом өлчөмγндө ата энелерден тγшγγчγ акча каражатын, айыл өкмөттγн атайын каражаттар бөлγмγнө киреше чыгаша расчеттору № 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтγнγн финансы экономика жана каржы бөлγмγнγн башчысы-башкы эсепчи Алтынбек Алиевке бюджеттин атайын каражаттарына киреше, чыгаша бөлγгγнө тийиштγγ тиркемелерди тγзγγ жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлγмγнөн жогорудагы бюджеттин атайын каражаттар бөлγгγнγн кирешесине 338,8 миң сомго 2016-жылдын бюджетинин планына өзгөртγγлөрдγ бекитип берγγ жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жγктөлсγн.
Төрага | М. Эргешов |