Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 318
Жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 24, 2015-жылдын 15-декабрындагы № 26 жана 2015-жылдын 17-декабрындагы № 29-токтомдорун эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы №24, 2015-жылдын 15-декабрындагы №26 жана 2015-жылдын 17-декабрындагы №29-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык стадионуна, Алай футболдук командасынын Азия футболдук конфедерациясынын кубогунун оюндарына даярданууга 450,0 миң акча каражатын жана Ош шаарынын маданий иш-чараларына активдγγ катышып шаардын социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнѳ ар тараптан ѳз салымын кошуп келе жаткан жаштарга, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттерине Ош шаарынын мэринин жаңы жылдык «Кѳгγлтγр от» аземин ѳткѳрγγ γчγн 272200 сом акча каражатын таап берγγ жагы Ош шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясынын «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кѳчѳ тазалоочу 107 жумушчусунун эмгек акысын 2016-жылдан баштап 9800 сомго жогорулатууга макулдук берилсин.
4. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII сессиясынын № 277-токтомунун №1-тиркемесиндеги бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын № 11-токтомуна ылайык бѳлγнγп жаткан акча каражаттарынын тизмесинин 2-пункту ѳзгѳртγлγп, тѳмѳндѳгγдѳй редакцияда окулсун:
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын № 12 «Курманжан-Датка-2» аймактык кеңешинин аймагындагы Садовая, Ирригатор, Набережная жана Колос кѳчѳлѳрγн жарыктандыруу γчγн.
5. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII сессиясынын № 277-токтомунун № 1-тиркемесиндеги бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын № 11-токтомуна ылайык бѳлγнγп жаткан акча каражаттарынын тизмесинин 12-пункту ѳзгѳртγлγп, тѳмѳндѳгγдѳй редакцияда окулсун:
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын №12 «Курманжан-Датка-2» аймактык кеңешинин аймагында жашаган К. Мамажоновага материалдык жардам берγγ γчγн.
6. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXXIII сессиясынын № 297-токтомунун 2-пункту ѳзгѳртγлγп тѳмѳнкγдѳй редакцияда окулсун:
-Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинатына Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду тарабынан которулган 3 505209 сом акча каражатынын 2 114000 сом акча каражатын «Кара-Кысмак» питомнигине кγнѳскана курууга жана 1 391209 сом акча каражатын ишкананын башка чыгымдарына жумшоого макулдук берилсин.
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
8.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы кезексиз XXXVII сессиясынын № 318-токтомуна №1-тиркеме |
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну А.Кочкоровдун дарылануусуна жардам иретинде;
-6,0 миң сом акча каражатын Монуев кѳчѳсγнγн №34-γйγнγн тургуну С.Махсумхановдун дарылануусуна жардам иретинде;
-6,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын 8-март атындагы кичи кѳчѳсγнγн №21-γйγнγн тургуну А.Кадыровго дары-дармек сатып алууга жардам иретинде;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы кѳзγ-азиз балдардын жатак мектебинин керектѳѳлѳрγнѳ жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №12-кѳмѳкчγ мектебинин керектѳѳлѳрγнѳ жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош мамлекеттик Универститетинин «Бизнес жана менеджмент» факультетинин студенттик ашканасынына мебель алууга.
Жалпы: 107,0 миң сом акча каражаты
2. Ош шаардык А.Суйумбаев атындагы стадион тарабынан кайтарылган бюджеттик 200,0 миң сом ссуданын эсебинен:
-116,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ Агенттигине шаар кγнγнѳ арналган иш-чараларын ѳткѳрγγгѳ (ѳкγлчγлγк чыгымдарга);
-84,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ар тγрдγγ иш-чараларын ѳткѳрγγ γчγн бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясынын кыргыз-тилин ѳнγктγрγγгѳ каралган акча каражатынын эсебинен:
-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында жаңы жыл иш-чараларын ѳткѳрγγ γчγн бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Мехнат кѳчѳсγнγн №18-γйγнγн жашоочусу Г.Ниязовага материалдык жардам берγγ γчγн;
-90,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Петров (Абабакир уулу Тѳрѳбек) кѳчѳсγн тγнкγ жарыктандыруу жумуштарына.
Жалпы сумма: 95 миң сом акча каражаты
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Курманжан-Датка кѳчѳсγнγн № 161-γйγнγн жашоочусу Д. Исаметдиновго материалдык жардам берγγ γчγн.
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Орке айылынын тургуну III топтогу майып К. Жолдошевге материалдык жардам берγγ γчγн;
-35,0 миң сом акча каражатын Кеңеш айылынын Тилекматов кѳчѳсγнѳ электр чубалгыларын тартууга;
-30,0 миң сом акча каражатын Орке айылынын «Дѳң мала» жаңы конушуна 500 метр суу тγтγкчѳсγн тартуу γчγн.
Жалпы сумма: 105,0 миң сом акча каражаты
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |