Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 322
«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына жекшемби кγндѳрγ кирγγчγ жеңил унаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жѳнγндѳ
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №134 токтомунун редакциясына ылайык)
«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 115-ишемби, жекшемби кγндѳрγ кирγγчγ унаалардан алынуучу жыйымдын баасын 100 сомго жогорулатып берγγ жѳнγндѳгγ катын жана Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXXIII сессиясынын № 306-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби кγндѳрγ кирγγчγ жеңил унаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жѳнγндѳгγ токтомунун негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 4-ноябрындагы № 78-буйругу менен тγзγлгѳн депутаттык комиссиянын токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №134 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын экономикалык абалын иликтеп, ишмердγγлγгγн жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди жγргγзγγсγ;
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына унаалардын кирγγсγн кѳзѳмѳлдѳѳчγ шлагбаум орнотуу жана ага керектелγγчγ акча каражатын жергиликтγγ бюджеттин эсебинен ссуда тγрγндѳ берγγ;
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерин кыскартуу (жетекчинин 2 орун басары менен бирге);
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасында жеке ишкерлер тарабынан курулган обьектердин мыйзамдуулугун карап чыгуу;
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын сыртында сатылып жаткан унаалардын сатылуусуна тыюу салуу;
-«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасында келишимдери бγтγп иштебей жаткан контейнерлер такталып, алардын ордуна жаңы ишкерлерди тартуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |