Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 323
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы γчγн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептѳѳлѳрдγ жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 437/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 17-декабрындагы отурумунун №30-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кееңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы γчγн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептѳѳлѳр №1-тиркемеге ылайык жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ош шаардык кеңешинин 2009-жылдын 16-июнундагы №112-токтому, 2011-жылдын 30-мартындагы №230-токтомунун №1-жана №3-тиркемелери, 2013-жылдын 14-февралындагы № 85-токтомунун № 1-жана № 3-тиркемелери жана 2014-жылдын 24-декабрындагы № 248-токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы кезексиз XXXVII сессиясынын № 323-токтомуна № 1-тиркеме |
Бул эсептѳѳлѳр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КРнын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнγндөгγ» КРнын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы γчγн жер салыгынын базалык ставкалары жѳнүндөгγ» КРнын мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнγндѳгγ» КРнын мыйзамынын 27-беренесинин, «Мγлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы № 587-токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдѳѳ тартибин аныктайт.
Ап - бир айлык ижара акысы;
Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
-ѳнѳр жай, курулуш, кампа ишканалары - 1
-бассейндер, көлөкѳлѳтγγ γчγн курулган навестер,тепкичтер жана муз аянтчалары - 2
-кичи-базарлар, соода сатык комплекстери, офистер, компьютердик класстар, бизнес борборлор, биржалар, автоунаа токтоочу жайлар - 6
-нан сатуучу түйγндөр, турмуш тиричилик жактан тейлѳѳ, байланыш түйүндөрү-6
-газета сатуу түйүндөр, башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган квартиралар, кароолканалар - 8
-сүрөт тартуу түйүндөр, дүкөндөр, киосктор, ларектор, дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүчү соода, көчөдөгү соода түйүндөр - 12
-убактылуу аянтчалар, коомдук тамак аш, мейманканалар, автосервис түйүндөрү – 12
-Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, аттракциондор жана карусельдер, Масалиев проспектисиндеги «Ареопаг» дγкѳнγнγн жанындагы кичи маркеттер, ОшТУнун аскердик кафедрасынын жанындагы соода тγйγндѳр, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин айланасындагы соода тγйγндѳр, тейлѳѳ γйγнγн (Дом быта) айланасындагы соода тγйγндѳр, ашканалар жана «Жети Тγс», Нотариалдык контора, «Долорес» сулуулук салону, жана борбордук кѳчѳлѳр (Ленин, Курманжан Датка кѳчѳлѳрγ Алымбеков кѳчѳсγнѳн (Фрунзе базарынын районун кошо камтыйт) А.Навои кѳчѳсγ менен кесилишкенге чейин жана Масалиев проспекти Ош-район базарынан Р.Абдыкадыров кѳчѳсγнγн кесилишине чейин), бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 94 сомдон эсептелсин;
-банктар, банкоматтар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар оюн-зоок жайлары (казино, түнкү клубдар), экономикалык зонасына карабастан бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 94 сомдон эсептелсин;
-уюлдук байланыш түйүндөрγнүн мунарасы γчγн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысы 10000 сомдон кем эмес болсун;
Ошондой эле сезондук соода-сатыктардын тѳмѳндѳгγдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо γч айга келишим түзүлсүн:
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мѳѳнѳтγ | Ижара акысынын болжолдуу суммасы (сом) |
1 | Дарбыз, коон | 1 ай | 1000 |
2 | Жашылча-жемиштер, гγл сатуу | 1 ай | 1000 |
3 | Газ суу, шербет ж.б суусундуктар | 1 ай | 1000 |
4 | Балмуздак | 1 ай | 1000 |
5 | Башка сезондук кѳчѳгѳ коюлучу соода точкалары (веб касса, лотерея сатуу ж.б) | 1 ай | 1000 |
К2-зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1-зона γчγн-2,6
2-зона γчγн-2,2
3-зона γчγн-1,8
4-зона γчγн-1,4
5-зона γчγн -1
6-зона γчγн-0,8
7-зона γчγн -0,5
Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда кѳрсѳтγлбѳсѳ, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 1 коэффициентин колдонууга жол берилет.
Айрым бир учурларда, эгерде жер тилкеси эл абдан көп жерде, кѳчѳлѳрдγн кесилишинде, чоң мекеме ишканалардын жана административдик борборлордун жанында жайланышкан болсо К1 коэффициент 1,1 ден 2.0 ге чейинки тγзөтγγ коэффициенттери колдонууга жол берилет бул учурда негиздѳѳ тийиштүү адистер тарабынан эсептѳѳ корутундусу же акт тγрγндγ тγзγлѳт.
-кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица №1):
Таблица №1
Кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу | 50гɵ чейин | 51-100 | 101-200 | 201-300 | 301-500 | 501-1000 | 1000ден жогору |
Баасы: кв. м. (сом кв. м) | 1,2 | 1,1 | 1,0 | 0,9 | 0,8 | 0,7 | 0,6 |
Апз = (SxC);
Апз - жер тилкеси γчγн айлык ижара акынын ѳлчѳмγ;
S - жер тилкесинин аянты;
С - ижара акынын нормативдик ставкасы (сом. кв.м).
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы кезексиз XXXVII сессиясынын № 323-токтомуна № 2-тиркеме |
1-зона
-«Прима-Hyp» кичи базарынын району (Ош району), И. Раззаков проспектиси он жагынан Карасуу кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден тѳрт кѳчѳгѳ чейин, Артыков кѳчѳсγ менен кесилишкенге чейин, сол жагынан Салиева кѳчѳсγ менен кесилишкенге чейин;
-Артыков кѳчѳсγ Раззаков проспектиси менен кесилишкен жерден Беш-Көпүрө кѳчѳсγнѳ чейин;
-«Пичугин» атындагы сквер ( Космонавтар сквери)
-Ж.Раимбеков кѳчѳсγ, /ч-Кѳчѳ кѳчѳсγ, Базар кѳчѳсγ, Борбордук базар;
-Ош кѳчѳсγ «Кара-Суу-Дан-Азык » акционердик коомунун кичи базарынан «Фрунзе» атындагы мектебине чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Кара-Суу кѳчѳсγ «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан Навои мектебине чейин;
-Кара-Суу кѳчѳсγ /ч кѳчѳ кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Масалиев проспектисине чейин;
-А.Навои паркынын аймагы;
-Ленин кѳчѳсγ Р. Абдыкадыров кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Мамажан кѳчѳсγнѳ чейин, Шейит-Тѳбѳ аймагы кошулат, Ленин кѳчѳсγндѳгγ №551-γйгѳ чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Курманжан-Датка сквери (Ош универмагынын жанында);
-Мамажан кѳчѳсγ Базарный кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Токтогул кѳчѳсγнѳ чейин;
-Араванский району, Курманжан-Датка кѳчѳсγ 8-март кѳчѳсγнѳн Моминова кѳчѳсγнѳ чейин, Г.Айтиев кѳчѳсγ Ленин кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Алиев кѳчѳсγнѳ чейин; -Шаардык сквер «Алымбек-Датка» айылы; -Бакыт үйүнүн алдындагы сквер;
-Фрунзенский кичи базарынын району, Курманжан-Датка кѳчѳсγ М. А. Джиннах (Советский) кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Грибоедов кѳчѳсγнѳ чейин;
-Монуев кѳчѳсγ Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден оң жак сол жак тарабын кошо камтыйт Верхне-Увамская кѳчѳсγнѳ чейин, (Ош областык клиникалык ооруканасынын аймагынын акырына чейин);
-Масалиев проспектиси Кара-Суу кѳчѳсγ менен кесилишкен (Ош району) жерден Ленинград кѳчѳсγнγн жанындагы А. Масалиевдин эстелигине чейин жолдун он жак сол жак тарабын кошо камтыйт;
-Б.Осмонов кѳчѳсγ Р. Абдыкадыров кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Күкүмбий кѳчѳсγнѳ чейин;
-Күкүмбий кѳчѳсγ Б. Осмонов кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден №113-маршруттун акыркы аялдамасына чейин;
-Р.Абдыкадыров кѳчѳсγ А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Курманжан Датка кѳчѳсγнѳ чейин;
-Асранкулов кѳчѳсγ, Токтогул паркынын кире беришинен Курманжан Датка кѳчѳсγнѳ чейин;
№2-зона
-Мажрγмтал кѳчѳсγ Навои кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден «Кымыз-Бар» кафесине чейин
-Б.Осмонов кѳчѳсγ Абдыкадыров кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден «Олигарх» (Мундуз) рестораны «Нирвана» кафесине чейин;
-Курманжан Датка кѳчѳсγ М.А.Джиннах (Советский) кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Моминов кѳчѳсγнѳ чейин;
-ОшМУнун медицина институтунун каршысындагы «И.Раззаков» атындагы сквери;
-В. И. Ленин атындагы борбордук аянт;
-Ленин кѳчѳсγ Ломоносов кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Р.Абдыкадыров кѳчѳсγнѳ чейин;
-Областык мамлекеттик администрация менен чиркѳѳнүн ортосундагы сквер; -Кыргыз драма театрынын айланасындагы театралдык сквер;
-Амир-Темир (Калинин) кѳчѳсγ Г.Айтиев кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Мамыров кѳчѳсγнѳ чейин;
-Мамыров кѳчѳсγ Курманжан Датка кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Амир-Темир кѳчѳсγнѳ чейин;
-Ош Кыргыз Ѳзбек университетинин району «Жетиген» кафеси жана анын айланасы, Ташкентский кѳчѳсγнѳ чейин; -Жеңиш паркы;
-«Айкѳл» кафесинин району, «Курманжан Датка» ( Юго-Восток) кичи районунун сквери, 2-маршруттун акыркы аялдамасын кошо камтыйт, Мирсатов кѳчѳсγнѳ чейин;
-Г.Айтиев кѳчѳсγ Алиев кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден тартып «Сулайман-Тоо» АЗСине чейин;
-Абдыкадыров кѳчѳсγ Амир-Темур кѳчѳсγнѳн тартып Б.Осмонов кѳчѳсγнѳ чейин;
-А.Шакиров кѳчѳсγ толугу менен, А.Монуев кѳчѳсγнѳн К. Маркс № 2 мектебине чейин;
№ 3-зона
-А.Масалиев проспектиси «А. Масалиевдин» эстелигинен баштап Нурматов кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
-Сулайман-Тоонун жака бели;
-«Токтогул» атындагы парктын аймагы, бассейндин айланасындагы аймакты кошо камтыйт;
-И. Раззаков проспектиси Артыков кѳчѳсγнѳн («KICB» банктан) «Гулкайыр» дγкѳнγнѳ, Госрегистрге бурулган кѳчѳгѳ чейин;
-Гренажный кѳчѳсγ Нурматов кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден А.Шакиров кѳчѳсγнѳ чейин (Жибек) комбинатынын скверинин району;
-Р.Абдыкадыров кѳчѳсγ К-Датка кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Алиев (Хохлов) кѳчѳсγнѳ чейин;
-Мамыров кѳчѳсγ Амир-Темир кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Б. Осмонов кѳчѳсγнѳ чейин;
-Абдыкадыров кѳчѳсγ Курманжан Датка кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден А. Темур кѳчѳсγнѳ чейин,
-Ленин кѳчѳсγ Водопроводный кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Нурматов (Голубев) кѳчѳсγнѳ чейин;
-Асранкулов кѳчѳсγ Курманжан Датка кѳчѳсγнѳн Алиев (Хохлов) кѳчѳсγнѳ чейин;
-Г.Айтиев кѳчѳсγ «Сулайман-Тоо» АЗСинен тартып Б.Осмонов-Ахмедов кѳчѳлѳрγнγн кесилишине чейин;
-«Т.Кулатов» кичи районунун ички кварталы;
-Кγкγм-Бий кѳчѳсγ № 113-маршруттун акыркы аялдамасынан тартып Ош-Араван трассасы Кеңеш айылынын бурулушуна чейин;
-Касымбеков кѳчѳсγ, шаардык МАИ нин айланасы жана терек базар ;
-Ленин кѳчѳсγ № 551-γйдѳн, Касымбеков кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;
-К-Датка кѳчѳсγ 8-март кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден тартып Касымбеков кѳчѳсγнѳ чейин;
-Ленин кѳчѳсγ № 551-γйдѳн, Касымбеков кѳчѳсγнγн кесилишине чейин;-«Амир-Тимур» кичи району; ( С. Айни -Имам Ата көчөлөрү)
-У.Салиева кѳчѳсγ, «KICB» банктан У.Салиева кѳчѳсγндѳгγ № 40 γйгѳ (гармошка γй) чейин;
№ 4- зона
-М.Алымбеков (Фрунзенский) кѳчѳсγ Ленин кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка кѳчѳсγнѳ чейин;
-Нурматов кѳчѳсγ толугу менен Ленин кѳчѳсγнѳн А.Шакиров кѳчѳсγнѳ чейин;
-Раззаков проспектиси «Гулкайыр» дγкѳнγнѳн Госрегистрге бурулган кѳчѳдѳн Касымбеков кѳчѳсγнѳ чейин;
-Навои кѳчѳсγ К-Датка кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Алебастров кѳчѳсγнѳ чейиң;
-К-Датка кѳчѳсγ Сγйγмбаев кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден М.Алымбеков (Фрунзенский) кѳчѳсγнѳ чейин;
-А.Жунусов (Чапаев) кѳчѳсγ Ленин кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Алиев кѳчѳсγнѳ чейин;
-Ашимахунов кѳчѳсγ А. Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден эски нефтебазага чейин;
-Алиев кѳчѳсγндѳгγ сквер М.А. Джиннах (Советский) жана Асранкулов кѳчѳлѳрγнγн ортосу;
-«Ата-Түрк» сквери, «Кыргызстан» кинотеатрынын аймагы, Г. Айтиев кѳчѳсγнѳ чейин; -Областык тѳрѳт γйγнγн аймагы Школьный, Шота-Руставели кѳчѳлѳрγ, областык СЭСтин айланасындагы аймактар, Урицский кѳчѳсγ, Школьный кѳчѳсγнѳн Р.А бдыкадыров кѳчѳсγнѳ чейин;
-И.Раззаков проспектинен Касымбеков кѳчѳсγ «Кайнар» заправкасына чейин;
-Касымбеков кѳчѳсγнѳн Салиева кѳчѳсγндѳгγ №40 γйгѳ (гармошкага) чейин;
-Артыков кѳчѳсγнѳн М.Ахунов жана Темир жол кѳчѳсγнγн аягына чейин;
-«Ак-Тилек» кичи району толугу менен; -Т. Турсунбаева ( Привокзальный) кѳчѳсγ толугу менен;
-И.Раззаков проспектиси Касымбеков кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден темир жол ѳтмѳгγнѳ чейин;
№ 5-зона
- Туран кичи районунун аты аталбаган бардык аймактары;
-Ишматов кѳчѳсγ Тѳлѳнов кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден №9-жана №22-маршруттардын акыркы аялдамасына чейин, кичи базардын аймагын кошо камтыйт;
-Тѳлѳнов кѳчѳсγ, Низами кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Ишматов (Южный) кѳчѳсγнѳ чейин;
-«Нуманжан» кичи базарынын району (Геологдор шаарчасы), Сγйγмбаев (Шахтерский) кѳчѳсγ, Низами кѳчѳсγ;
-Р.Абдыкадыров кѳчѳсγ Алиев кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден Амир-Темир кѳчѳсγнѳ чейин;
-Ленин кѳчѳсγ «Төлөйкөн» айылынан баштап Водопроводный кѳчѳсγ менен кесилишкен жерге чейин;
-Касымбеков кѳчѳсγ Салиева кѳчѳсγ менен кесилишкен жерден К-Датка кѳчѳсγнѳ чейин.
А. Мадумаров кѳчѳсγ толугу менен:
-Ош шаарынын аэропортунун жанындагы учак шаарчасы (авиагородок).
-Ош шаарынын ички кварталдык аймактары
№ 6-зона
-Ош шаарынын аты аталбаган кѳчѳлѳрγ жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы
№ 7-зона
- № 11 «Жибек-Жолу» аймактык кенеши;
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |