Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 324
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берγγ боюнча комиссиянын курамын бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы № 419/08-5-катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин кайра бѳлγштγрγγ фондунун жерлерин ижарага берγγнγн шарттары жана тартиби жѳнγндѳгγ типтγγ жобонун" 22-пунктуна ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берγγ боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Комиссиянын мγчѳсγ ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга ѳтѳѳрγ белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы кезексиз XXXVII-сессиясынын № 324 - токтомуна тиркеме |
1. Салиев Т.Т. – Айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы.
2. Анарбаев С.С. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты. (макулдашуу менен)
3. Каналиев Б. Э. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты. (макулдашуу менен)
4. Абдуллаев Д.А – Ош шаардык Кеңешинин депутаты. (макулдашуу менен)
5. ____________ – Айылдык аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары.
6. Оморалиев К. – Айылдык аймактык башкармалыгынын жетектѳѳчγ адиси.
7. Уларов К.Ж. – Айылдык аймактык башкармалыктын жооптуу катчысы.
8. Пазилов Т.К. – Айылдык аймактык башкармалыгынын башкы эсепчиси.
9. Жороев У. – Ош шаардык мамкаттоо адиси.
10. Нурмаматова А. – Ош шаардык архитектуранын адиси.
11. _______________ – Айылдык аймактык башкармалыктын айыл башчысы.
12. Шакирбек уулу Т. – Ош шаардык финансы башкармалыгынын адиси.
13. Долонбаев Т. – Жапалак суу пайдалануучулар ассоцациясынын башчысы.
Ош шаардык кеңешинин | С. Маматалиева |