Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 326
Ош шаарынын Урицкий кѳчѳсγндѳ жайгашкан курулушу бγтпѳй калган мектеп жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 179/08-5 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 14-декабрындагы № 38-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Урицкий кѳчѳсγндѳ жайгашкан курулушу бγтпѳй калган мектептин имараты бγткѳндѳн кийин Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев) Урицкий кѳчѳсγндѳ жайгашкан мектептин имаратын республикалык бюджеттин эсебинен бγтγрγγ жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ кайрылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин ааткаруучу | А. Аланов |