Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 -жылдын 29 декабры №6
Кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча комиссиянын курамына ѳзгѳртүүлѳрдүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007- жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобону аткаруу максатында айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн штаттык расписаниесинде жер жана айыл чарбасы боюнча жетектѳѳчү адис штаттык бирдиги каралгандыгына,жогорудагы адис иш жузундѳ айыл чарба жерлерин ижарага берүү иштерин толугу менен ѳзү алып баргандыгына, ал эми Типтүү Жобо жогорудагы штат бирдиги каралганга чейин эле 2007-жылдын 29- июнунда бекитилгендигине байланыштуу айыл чарба жерлерине тоорук ѳткѳрүү боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына жер жана айыл чарбасы боюнча жетектѳѳчү адис Нышанов Сыдык бекитилсин.
2. Отуз –Адыр айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Зикиров Абдимомун айыл чарба жерлерине тоорук ѳткѳрүү боюнча комиссиянын катчылыгынан бошотулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( С .Атамбиев .)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
Айдаров. О |