Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-марты № 5
Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн бюджетинин дорбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча кезектеги 1-сессиянын жыйынтыгын эске алып, Кыргызстан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймактык айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин жалпы киреше бөлүгү – 6486,2 млн.сом анын ичинен жергиликтүү бюджет – 3784,9 млн.сом, теңдөөчү грант – 1851,3 млн.сом, атайын каражат – 850,0 миң сом, жана чыгаша бөлүгү жергиликтүү бюджет – 3784,9 млн. сомго, теңдөөчү грант – 1851,3 млн. сомго, атайын каражат – 850,0 миң сомго, жалпы чыгашасы – 6486,2 млн. сомго бекитилсин.
2. Кыргызстан айылдык аймактык айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Кабыл алынган бюджеттеги сметадан тышкары ашыкча чыгаша кылууга жана максатсыз колдонууга тыюу салынсын.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон сатьяларга жүргүзулсүн, айлык акы, соц.фонд тамак аш, электр энергия.
5. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз, чыгаша булагы көп болгондуктан, киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
6. Токтомдун аткаруу жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүм башчысы Г. Шабдановага милдеттендирилсин
7. 2016-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин так аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айылдык кеңешинин туруктуу комиссия башчысы А. Джаимбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Оморов |