Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-марты № 6
Таза сууну багытсыз пайдалангандарга салынуучу айып пулдун тарифин бекитүү жөнүндө
Таза сууну багытсыз пайдаланган Кыргызстан айыл аймагынын тургундарына салынуучу айып пулду бекитүү боюнча кезектеги 1-сессиянын жыйынтыгын эске алып, Кыргызстан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза сууну багытсыз пайдаланган айыл тургундарына:
-1-жолу - 1000сом айып пул салынсын.
-2-жолу – суу түтүгүн кесип салуу.
-Манас айылынын үстүндөгү суу сактагычка мал киргизгендерге - 5000сом айып пул салынсын, иши аксакалдар сотуна өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы С. Торобековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | К. Оморов |