Редакцияот 29.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХII сессиясы

 

2016-жылдын 29-январы № ХХII / I

Сары-Ой айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандык γчγн 2016-жылга жер салыгынын базалык ставкаларынын ѳлчѳмγн кѳтѳрγγ жѳнγндѳ

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Сары-Ой айыл аймагында 2016-жылдын 1-январынан айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы γчγн жер салыгынын ставкаларынын ѳлчѳмγ 2 эсеге кѳтѳрγлсγн.

2. Кз аймактык коэффициенти 1,0 эсебинде бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу жагы бюджеттик комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

М. Нааматбеков