Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 майы №1
«Жылдын мыкты мугалими» наамын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты А. Зикировдун чыгып сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы мектептерде окуучуларга таалим-тарбия жана билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга бараандуу салым кошкон мугалимдерге «Жылдын мыкты мугалими» наамы ыйгарылсын.
2. «Жылдын мыкты мугалими» наамына татыктуу мугалимдердин талапкерлиги мектептердин педсоветинде каралып, бекитилип мектеп директорлору тарабынан айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин (К. Джумабаев).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |