Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 майы №2
Акыркы коңгуроо жана бүтүрүүчүлөрдүн тартибине, укук бузууларына жоопкерчилик жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Э. Ташматовдун чыгып сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акыркы коңгуроодон кийин 2013-жылдын 25-май күнүнүн саат 13:00 нөн баштап бүтүрүүчү класстардын окучууларынын тартип жана укук бузуулары үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлсүн.
2. Бүтүрүүчүлөрдүн мектепке деп акча топтоосуна тыю салынсын.
3. Милициянын айылдык аймактык бөлүмчөсү 2013-жылдын 25-майы күнү тартип сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүлгөн режимде жүргүзсүн (Н. Турдубаев)
4. Ар бир класс жетекчи КРдин «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын беренелери менен таанышмын деп мектеп директорлоруна кол коюп беришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча комиссиясына жүктөлсүн (А. Зикиров).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |