Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № ХХV / II
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин “Зордук зомбулуктун алдын алуу” боюнча социалдык тапшырыктын алкагында “Элет айым” Коомдук Бирикмесинин “Ар бир γйдѳ тынчтык жана бейпилдик” долбоорун ишке ашыруу боюнча Сары-Ой айылдык кеңешинин № ХХV сессияcы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир 8-γйдѳ ата-энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма кѳзѳмѳлгѳ алынсын
2. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча тγшγндγрγγлѳр жγргγзγлсγн.
3. Жаш жубайлардын нике кγбѳлγгγн γйлѳнгѳн кγнγ берγγ кѳзѳмѳлгѳ алынсын
4. Айылдык молдолор ала качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюу тыюу салынсын.
5. Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз ѳткѳрγγ колго алынсын.
6. Айылдагы соода тγйγндѳрγнγн кызматкерлери тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
7. Кѳзѳмѳлдѳѳ жагы аялдар кеңеши,аксакалдар кеңеши,жаштар уюму,ѳкмѳттγк эмес уюмдарга,ден соолук комитетине жолдонсун. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |