Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № ХХVI / II
Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн алдындагы Администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын жобосун бекитγγ жѳнγндѳ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн алдындагы Администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиянын жобосу бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кещешинин VI чакырылышынын 27.05. 2016-жылдагы ХХVI сессиясынын № ХХVI / II токтому менен бекитилген |
Ушул жобо Сары-ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн алдындагы администрациялык укук буузулар боюнча комиссиясынын макамын, курамын тγзγγ жана иштѳѳ тартибин, анын мγчѳлѳрγнγн ыйгарым укуктарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1.Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн алдындагы администрациялык укук буузулар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексинде каралган администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароо γчγн айыл ѳкмѳттγн алдында тγзγлγγчγ туруктуу иштѳѳчγ коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комиссия ѳз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексин, «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» КРнын Мыйзамын, КРнын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24-75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жѳнγндѳ» типтγγ жобо жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комиссия администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди комиссиянын ачык жыйналыштарында кароого ыйгарым укуктуу, ѳз убагында жана калыс кароо, администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ протоколдорду тγзγγ менен кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп саналат.
2.Негизги милдеттери жана функциялары.
2.1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп:
- Сары-Ой айыл аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык, жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир кѳрсѳтγγ чараларын колдонуу;
- ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, обьективдγγ, ѳз убагында карап, мыйзам чегинде чечγγ;
- администрациялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бѳгѳт коюу;
- администрациялык укук бузууларды жасоого кѳмѳктѳшγγчγ себептер менен шарттарды табуу жана четтетγγ;
- администрациялык укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
- инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден-соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептγγлγктγ, жаратылыштагы айлана чѳйрѳнγ, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жγргγзγγ жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин администрациялык укук бузуулардан сактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.
2.2. Комиссиянын функциялары:
2.2.1 Органдардын кызматтык адамдары берген администрациялык укук бузуулардын протоколдорун кароо.
2.2.2. Администрациялык укук бузуунун протоколдорун жана башка материалдарын карап чыккан сон токтом, аныктама тγрγндѳ тиешелγγ чечим кабыл алат, ал эми администрациялык укук бузуунун себептери жана анын жасалышына кѳмѳктѳшγγчγ шарттар белгиленгенде менчигинин тγрγнѳ карабастан тиешелγγ ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жана тиешелγγ кызмат адамдарына кѳрсѳтγлгѳн себептерди жана шарттарды четтетγγ боюнча чараларды кѳрγγ жѳнγндѳ талап кат жѳнѳтѳт.
2.2.3. Администрациялык укук бузууга берилген эскертγγ ишин жакшыртуу γчγн сунуш даярдайт.
2.2.4. Комиссиянын ишмердγγлγгγ, мыйзамдуулуктун, демократиялуулуктун, адилетγγлγк мыйзамынын алдындагы жарандардын тез укуктуулугунун, гумандуулуктун, администрациялык укук бузгандыгы γчγн жеке жоопкерчиликтин жана кайтарымсыздыктын принциптеринде негизделет.
3.Комиссиянын укуктук статусу, комиссияны тγзγγнγн тартиби жана курамы.
3.1. Комиссия ѳз ишин Сары-ой айыл аймагында жγргγзѳт.
3.2. Комиссиянын ѳзγнγн аталышында бланктары болот.
3.3. Комиссиянын Жобосу Сары-Ой айылдык Кещешинин чечими менен бекитилет, анын сандык жана жеке курамы Сары-Ой айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын чечими менен бекитилет.
3.3. Комиссиянын сандык курамы 7 адамдан турат.
3.4. Комиссия - Тѳрага,тѳраганын орун басары, катчы жана комиссиянын мγчѳлѳрγнѳн турат.
3.5. Комиссиянын курамына Айыл ѳкмѳттγн жооптуу катчысы, жергиликтγγ кенештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ички иштер органынын кызмат адамдары, ошондой эле коомдук бирикмелердин, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин ѳкγлдѳрγ жана жергиликтγγ жамааттын мγчѳлѳрγ кирет.
3.6. Сары-Ой айыл аймагында туруктуу жашаган, 21 жашка толгон, орто кесиптик жана жогорку билими бар жана ѳз макулдугун жазуу жγзγндѳ билдирген Кыргыз Республикасынын жараны Комиссия мγчѳсγ болушу мγмкγн.
3.7. Соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсγз, же жѳндѳмдγγлγгγ чектелγγ деп табылган, мыйзам менен белгиленген тартипте алынып салынбаган, же тындырылбаган соттулугу бар адам комиссиянын мγчѳсγ болушу мγмкγн эмес.
3.8. Комиссиянын курамы 4 жылдык мѳѳнѳткѳ тγзγлѳт.
3.9. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγ ал бекитилген кγндѳн тартып башталат жана ыйгарым укуктар мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотулган учурларды эске албаганда жаны курамдагы комиссиянын иши башталган учурдан тартып токтотулат.
3.10. Комиссиянын мγчѳлѳрγнγн ыйгарым укуктары мѳѳнѳтγнѳн мурда Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγ тарабынын «КРнын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жѳнγндѳ» типтγγ жобого ылайык токтотулат.
3.11. Ѳз ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотулган комиссия мγчѳсγнγн ордуна комиссиянын жалпы мγчѳсγ мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотуу жѳнγндѳ чечим кабыл алган кγндѳн тартып 15 календардык кγндѳн кеч эмес мѳнѳттѳ бекитилет.
3.12. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотулушу, жалпы курамды тγзγγ жана анын ишмердγγлγгγн жѳнгѳ салуу «КРнын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жѳнγндѳ» типтγγ жобого ылайык жѳнгѳ салынат.
4. Комиссиянын ыйгарым укуктары.
4.1. Комиссия КР нын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексинин 534-1-беренесине ылайык жогоруда кѳрсѳтγлгѳн Кодекстин 90, 92, 93, 185, 186, 193-беренелерине, 285-берененин 1-бѳлγгγндѳ, 286-288-беренелеринде, 289-берененин 1-бѳлγгγндѳ, 296, 298, 299, 301-303-беренелеринде, 304-берененин 1-бѳлγгγндѳ, 305-берененин 1-бѳлγгγндѳ, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 350, 348, 455, 456, 462, 467, 487, 487-1, 487-3, 488-491, 494, 496-беренелиринде каралган администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди карайт.
4.2. Комиссия чечимдерди кабыл алууда процесстик ѳз алдынчалуулукка ээ. Алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жарандар, кызматтык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттγγ болот.
4.3. Жγктѳлгѳн милдеттерге ылайык Комиссия тѳмѳнкγлѳргѳ ыйгарым укуктуу:
-администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди жана башка материалдарды кароонун Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекстин 534-1-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык администрациялык жаза чараларды салууга;
- ведомстволорго караштуу аймактагы администрациялык укук бузууларды табууга жана алар боюнча тиешелγγ чечимдерди кабыл алууга;
- аларды кароо жана алар боюнча чараларды кѳрγγ комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган администрациялык укук бузуулардын фактыларына (белгилери) боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын кароо;
- администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳгγ иштер боюнча чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын аткарылышын камсыз кылууга;
- администациялык укук бузуулардын жасалышына кѳмѳктѳшγγчγ себептерди жана шарттарды белгилегенде тиешелγγ ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетγγ боюнча чараларды кѳрγγгѳ кечиктирилгистиги жѳнγндѳ талап каттарды киргизγγгѳ, алардын аткарылышын талап кылууга;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелγγ маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелγγ маселелер боюнча соттук жана башка органдар, уюмдар менен ѳз ара аракеттенγγнγ камсыз кылууга.
Комиссия ыйгарым укуктарынын жγзѳгѳ ашыруунун алкагында тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу:
- администрациялык укук бузулардын алдын алуу жана аларды табуу максатында кѳчмѳ жыйналыштарды ѳткѳрγγгѳ, анын ичинде укук бузуучунун иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча тγздѳн-тγз ѳткѳрγγгѳ;
- мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде табылган администрациялык укук бузуулардын фактылары боюнча протоколдорду тγзγγгѳ;
- каралып жаткан укук бузууларда жазык кылмышынын белгилери табылганда материалдарды прокуратура органдарына, тергѳѳ же териштирγγ органдарына ѳткѳрγп берγγгѳ;
- комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын соттук органдарына доо менен кайрылууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин тγрγнѳ карабастан мекемелерден жана уюмдардан администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароо γчγн зарыл болгон документтерди, маалыматты, сурап-билγγ материалдарын, тγшγндγрмѳлѳрдγ суратып алууга;
- комиссиянын ишине тиешелγγ эксперт жана консультанттар катары илимий, коомдук жана башка уюмдардын адистерин, укук коргоо органдарынын жана аксакалдар сотунун ѳкγлдѳрγн чакырууга жана тартууга;
- комиссия карап жаткан маселе боюнча кызмат адамдарын жана жарандарды тиешелуу суроолорго жооп алууга комиссиянын отурумуна чакырууга;
- укук коргоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдары менен бирге иш алып барууга;
-ѳз ишин массалык маалымат каражаттарына чагылдырууга;
4.4. Администрациялык укук бузган кγнѳѳлγ жарандарга, кызматтык жана юридикалык тараптарга Комиссия администрациялык жаза чараларынын тѳмѳнкγ тγрлѳрγн салат:- эскертγγ;
- администрациялык айып акы;
- иштин белгилγγ бир тγрγн иштѳѳ лицензиясынан (уруксаттан) ажыратуу;
- иштин белгилγγ бир тγрγн токтотуу, обьектини алгачкы абалына келтирγγ, обьектти же анын бир бѳлγгγн бузуу ( монтажын ажыратуу);
- администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же тγздѳн-тγз обьекти болуп саналган буюмду конфискациялоо;
- коомдук жумуштарга тартуу.
4.5. Жасалган администрациялык укук бузууну ѳтѳ маанилγγ болбогон учурда комиссия администрациялык укук бузууну жасаган адамды администрациялык укук бузуудан бошотушу жана оозеки эскертγγ берγγ менен чектелиши мγмкγн.
5. Комиссиянын мγчѳлѳрγнγн функциялык милдеттери.
5.1. Комиссиянын ишин анын тѳрагасы, тѳраганын орун басары жана жооптуу катчысы уюштурат.
5.2. Комиссиянын мγчѳлѳрγ администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароодо жана комиссиянын ишинин алкагында тѳмѳнкγ укуктарга ээ болот:
- комиссиянын жыйналышын дайындоого катышат;
-комиссиянын жыйналышы башталганга чейин комиссиянын кароосуна киргизилген администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ материалдар (иштер) менен алдын ала таанышат;
-иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ ишти кароону кийинкиге калтыруу жѳнγндѳ сунушту комиссиянын тѳрагасына киргизγγгѳ укуктуу;
-комиссиянын жыйналышына чечγγчγ добуш укугу менен катышат;
- администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча ѳндγрγшкѳ катышкан адамдарга суроолорду берγγгѳ укуктуу;
- администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча жазуу жγзγндѳгγ жана буюм далилдерин изилдѳѳгѳ катышат;
- администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ каралып жаткан иштер боюнча Комиссия тарабынан кабыл алынуучу токтомдорду, аныктамаларды жана талап каттарды талкуулого катышат;
- каралып жаткан иштер боюнча токтомдорду, талап каттарды жана аныктамаларды кабыл алууда добуш берγγгѳ катышат;
- жγрγм-турум этикасынын эрежелерин сактайт;
- ведомстволук караштуулуктагы аймакта администрациялык укук бузууларды табууга катышат жана администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун кѳрсѳтγγчγ жетиштγγ маалыматтар болгондо администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ протоколдорду тγзѳт;
- ушул жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерди аткарат.
5.3. Администрациялык комиссиянын отурумунда мγчѳлѳрдγн γчтѳн экиси катышса анда отурум укук ченемдγγ болду деп эсептелинет.
5.4. Администрациялык укук бузуунун ишинин токтому администрациялык комиссиянын кѳпчγлγк добушу менен алынат. Администрациялык укук бузуу ишине добуш бербей коюуга комиссиянын мγчѳлѳрγнγн укугу жок. Отурумдун тѳрагасы эщ акыркы болуп ѳз добушун берет.
5.5. Отурум мамлекеттик жана расмий тилде жургузулот. Комиссиянын тѳрагасы Комиссиянын мγчѳсγнγн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле: -Комиссиянын ишин пландаштырат, уюштурат жана ага жаппы жетекчиликти жγзѳгѳ ашырат;
- Комиссиянын жыйналышынын датасын жана убактысын дайындайт;
-Комиссиянын жыйналышынын кγн тартибин бекитет; ,
-Комиссиянын жыйналышына тѳрагалык кылат;
-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, Комиссиянын жыйналышында кабыл алынган аныктамаларга, токтомдорго, талап каттарга, ошондой эле Комиссиянын иши γчγн зарыл болгон башка документтерге кол коет;
-ѳз ыйгарым укуктарынын чектеринде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттенет жана мамлекетгик бийлик органдары, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын кызыкчылыктарына ѳкγлчγлγк кылат,
- Комиссиянын иши γчγн жоопкерчилик тартат. Комиссиянын тѳрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы тарабынан ѳздѳрγнγн функциялык милдеттерин аткарышын контролдойт;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдетгерди аткарат.
5.6.Комиссиянын тѳрагасынын орун басары комиссиянын мγчѳсγнγн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
-администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого карата алдын ала даярдоону уюштураг,
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмасын аткарат;
-ал убактылуу болбогон мезгилде Комиссиянын тѳрагасынын ыйгарым укуктарын аткарат;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдетгерди аткарат.
5.7. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын мγчѳсγнγн ыйгарым укуктарынан пайдаланат, ошондой эле:
-ѳз ишин Комиссиянын тѳрагасынын жана тѳраганын орун басарынын жетекчилиги астында жγзѳгѳ ашырат.
-администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ жарандардан жана юридикалык жактардан келип тγшкѳн арыздарды кабыл алат жана каттайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан келип тγшкѳн администрациялык укук бузуулар жѳнγнд протоколдорду кабыл алат жана каттайт жана аларды комиссиянын кароосуна киргизет;
-адмимистрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ материалдарды (иштерди) комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону камсыз кылат;
-каралып жаткан администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюмча Комиссия тарабынан кабыл алынган токтомдордун, аныктамалардын жана талапкаттардын долбоорлорун Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
- Комиссиянын мγчѳлѳрγнѳ жана администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча ѳндγрγшкѳ катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жѳнγндѳ тиешелγγ тγрдѳ кабарлайт, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат,
-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык тγзγγ жана жол-жоболоштуруу менен аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан белгилγγ мѳѳнѳттѳрдѳ чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талап каттардын кѳчγрмѳлѳрγн тиешелѳѳ адамдарга тапшырууну, же болбосо жиберγγнγ камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын жана талап каттардын аткарылышын контролдоону жγзѳгѳ ашырат;
- айып акылар тγрγндѳ ѳндγрγлгѳн акчалай каражаттардын келип тγшγγсγнѳ контролду жγзѳгѳ ашырат;
- Комиссиянын ишинин чѳйрѳсγндѳ статистикалык эсепти жγргγзѳт;
- Комиссиянын иш кагаздарын жγргγзγγнγ жана анын иштеринин сакталышын камсыз кылат;
- Комиссиянын тѳрагасы берген ишеним каттын негизинде соттук жана башка органдарда анын ѳкγлγ болуп саналат;
- Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароонун практикасын иликтейт жана жалпылайт;
- Комиссиянын ишин жѳнгѳ салуучу ченемдик укук актыларды ѳркγндѳтγγ боюнча сунуштарды даярдайт;
- Комиссиянын иши менен байланышкан маалыматтык-сурап-билγγчγлγк ишти жγргγзѳт;
- Комиссиянын ишинин чѳйрѳсγндѳгγ отчеттуулуктун белгиленген тγрлѳрγн даярдоону камсыз кылат;
- ушул Жобого жана учурдагы мыйзамдарга ылайык башка милдетгерди аткарат.
Жооптуу катчы убактылуу болбогон мсзгилде анын кызматтык милдеттерин Комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мγчѳлѳрγнγн бири жγзѳгѳ ашырат.
5.8. Комиссиянын тѳрагасы, тѳрагасынын орун басары, жооптуу катчысы же мγчѳсγ администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароого тѳмѳнкγ учурларда укуксуз, эгерде алар:
- жоопкерчиликке тартылган адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу ѳкγлдѳрγнѳн, коргоочунун же ѳкγлдγн туугандары болуп саналса;
- ишти чечγγгѳ жеке, тике же кыйыр кызыкдар болсо.
6. Администрациялык укук бузуулар жонундо иштер боюнча ѳндγрγш.
6.1. Комиссия тарабынан Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча ѳндγрγштγ жγргγзγγ, укук бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу, админстрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароо, администрациялык жаза чараларын салуу жѳнγндѳ токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодексине жана уюштуруучулук иш алып баруу тартиби КРнын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын № 01-24/75 сандуу буйругу менен бекитилген «КРнын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жѳнγндѳ» типтγγ жобого ылайык жγзѳгѳ ашырат.
6.2. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протокол тγзγлгѳн учурдан тартып администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иш ачылды, ал эми ал боюнча ѳндγрγш башталды деп эсептелет.
6.3. Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγш анын аякташына тоскоолдук кылуучу тѳмѳнкγ негиздердин бири болгондо токтотулат:
- администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жаткан адамдын жγргѳн жери белгиленбегенде;
- администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам психикалык же башка катуу оору менен ооруп калганда;
- администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγш аяктоо γчγн зарыл болгон маалыматтарды жана берилгендерди алуунун мѳѳнѳтγнѳ таасир кѳрсѳтγγчγ жагдайлар болгондо;
Иш боюнча ѳндγрγштγ токтотуу жѳнγндѳ Комиссия токтом чыгарат. Комиссия Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγштγ токготууга чейин администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жок учурунда мγмкγн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттγγ.
Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγштγ токтотуу ал γчγн негиздер жок болгондон кийин Комиссиянын токтому менен кайрадан жащыртылат. Иш боюнча ѳндγрγштγ кайрадан жащыртуу жѳнγндѳ администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жактарга жана алардын мыйзамдуу ѳкγлдѳрγнѳ маалымдалат.
6.4. Тѳмѳнкγ жагдайлар болгондо администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγш башталышы мγмкγн эмес, ал эми башталган иш токтотулууга жатат:
- администрациялык укук бузуунын окуясы болбогондо;
-администрациялык укук бузуунун курамы болбогондо;
- администрациялык укук бузуу жасалган учурда адам 16 жаш курагына толбогондо;
-укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси соо эмес болгондо;
-адам аргасыз зарылдык же зарыл коргонуу абалында аракеттенгенде;
-эгерде ал администрациялык жаза чара колдонууну четтетсе, мунапыс актысы чыкканда;
-администрациялык жоопкерчиликти белгилѳѳчγ акт жокко чыгарылганда;
-администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти караган учурга карата Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекстин 46-беренесинде каралган зскирγγ мѳѳнѳтγ бγткѳндѳ;- администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамга карата ошол зле факт боюнча
соттун же органдын (кызмат адамынын) администрациялык жаза чара салуу жѳнγндѳ же болбосо администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти токтотуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтому болгондо;
-ага карата иш боюнча ѳндγрγш башталган жана жγргγзγлγп жаткан адам каза болгондо;
-администрациялык укук бузуу γчγн жоопкерчиликке тартылуучу жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.
7. Комиссия мγчѳлѳрγ тарабынан укук бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу (протокол тγзγγ).
7.1. Комиссиянын мγчѳлѳрγ администрациялык укук бузуу жасалган жерге барууга жана тѳмѳнкγ себептердин бири болгондо администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ протколду тγзγγгѳ укуктуу:
-комиссиянын мγчѳлѳрγ тарабынан администрациялык укук бузуунун окуясы болгондугун кѳрсѳтγγгѳ жетиштγγ маалыматтар тγздѳн-тγз табылганда;
-укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, администрациялык укук бузуунун окуясы бар экендигин кѳрсѳтγγчγ маалыматтарды камтыган материалдар келип тγшкѳндѳ;
-жеке жана юридикалык жактардын кабарларында жана билдирγγлѳрγндѳ, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирγγлѳрγндѳ (аныи ичинде интернетте) администрациялык укук бузуунун окуясынын бар экендигин кѳрсѳтγγчγ маалыматтар камтылган учурда;
7.2. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протокол аларды кароого тиешелγγ Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык кылынган ушул жобонун тѳртγнчγ бѳлγгγндѳ гана каралган укук бузуулар табылганда Комиссиянын мγчѳлѳрγ тарабынан тγзγлѳт. Протокол эки нускада (тγп нускаларда) тγзγлγп, биринчи нуска укук бузуучуга берилип, экинчиси Комиссиянын мγчѳлѳрγндѳ калат.
7.3. Протокол тѳмѳнкγлѳрдγ камтууга тийиш:
- тγзγγнγн датасын жана ордун;
-протокол тγзгѳн адамдын кызматын, аты-жѳнγн;
-жоопкерчиликке тартылып жаткан адам жѳнγндѳ маалыматтар (аты-жѳнγ, γйγнγн дареги жана телефон номери);
-жасалган администрациялык укук бузуунун тγрγ, кγнγ, орду;
-бул укук бузуу γчγн жоопкерчилик караган ченемдик-укуктук актыга шилтеме;
-кγбѳлѳрдγн (зарыл болгондо) аты-жѳнγ жана дареги.
7.4. Протоколго аны тγзгѳн кызмат адам, укук бузуучу жана кγбѳ (зарыл болгондо) кол коет. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу ѳкγлγ) протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага бул жѳнγндѳ жазуу жазылат. Укук бузган адам (же юридикалык жактын мыйзамдуу ѳкγлγ) протоколго тиркелγγчγ протоколдун мащызы боюнча тγшγндγрмѳлѳрдγ жана сын-пикирлерди берγγгѳ, ошондой эле ага кол коюудан ѳзγнγн баш тартуусунун жγйѳлѳрγн баяндоого укуктуу. Укук бузуу жасаган аламдын протоколго кол коюудан баш тартуусу ага администрациялык жаза чарасын салуудан бошотуу γчγн негиз болуп саналбайт. Юридикалык жак тарабынан жасалган укук бузуу жѳнγндѳ протоколду тγзγγдѳ юридикалык жактын (ишкананын, уюмдун, мекеменин) так аталышы, анын дареги милдеттγγ тартипте кѳрсѳтγлγγгѳ тийиш. Юридикалык жактын мыйзамдуу ѳкγлγ катары ѳздѳрγнѳ мыйзамдарда. уставда же жободо берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенγγчγ алардын жетекчилери (орун басарлары) же уюмдун башка кызматкерлери - юридикалык жактын ѳкγлдѳрγ чыгат. Протокол тγзγγдѳ укук бузуучуга КРнын «Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодекстин 570-беренесинде каралган анын укуктары жана милдеттери тγшγндγрγлγп, бул жѳнγндѳ протоколго белги жасалат. Протоколдун кѳчγрмѳсγ администрациялык укук бузуу γчγн жоопкерчиликке тартылуучу адамга кол койдуруп тааныштырылат же жиберилет. Протокол бир сутканын ичинде каттоо жана Комиссиянын кароосуна киргизγγ γчγн Комиссиянын тѳрагасына же анын орун басарына жиберилет.
8. Админстрациялык укук бузуулар жонундо иштерди кароо.
8.1. Ѳз ишин Комиссиянын ишинин планынын негизинде жγзѳгѳ ашырат. Комиссиянын жыйналыштары администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароонун мѳѳнѳттѳрγн сактоону камсыз кылуучу мезгилдγγлγк менен ѳткѳрγлѳт. Эгерде aга Комиссиянын мγчѳлѳрγнγн белгиленген санынын γчтѳн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укуктуу болуп саналат. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протоколу жана иштин башка материалдары Комиссияга келип тγшкѳн кγндѳн тартып он кγндγк мѳѳнѳттѳ каралат. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγштγн катышуучуларынан ѳтγнγчтѳр келип тγшкѳн учурларда же болбосо иштин жагдайларын кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароонун мѳѳнѳтγ Комиссия тарабынан узартылышы, бирок он кγндѳн ашык эмес узартылышы мγмкγн. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш Комиссия тарабынан ага ыйгарым укуктуу кызмат адамы, Комиссиянын мγчѳлѳрγ тарабынан Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексинин 556-1-беренесине ылайык тγзγлгѳн протоколдун негизинде каралат. Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча ѳндγрγш ар бир иштин ѳз алдынча, ар тараптуу, толук жана калыс такталышына, анын учурдагы мыйзамдарга так ылайык чыгарылган токгомдун аткарылышын камсыз кылууга негизденет.
Жарандар, юридикалык жактардын ѳкγлдѳрγ, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга тещештирилген адамдар Комиссия тарабынан ишти кароонун кγнγ, убактысы жана орду жѳнγндѳ Комиссия жыйналышы ѳткѳрγлгѳнгѳ чейин γч кγндѳн кем эмес мурда маалымдалат.
8.2. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти кароого даярдоодо Комиссия тѳмѳнкγ маселелерди тактайт:
- бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укуктарына таандык экендигин;
- ишти кароонун мγмкγнчγлγгγн болтурбоочу жагдайлардын бар экендигин;
- администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протоколдун жана Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексте каралган башка протоколдордун туура тγзγлгѳндγгγн, ошондой эле иште башка материалдары жол-жоболоштурулгандыгы;
- иш боюнча аны мащызы боюнча кароо γчγн болгон материалдардын жетиштγγлγгγ;
- ѳтγнγчтѳрдγн же четке кагуулардын бар экендигин.
8.3. Мындан кийин Комиссия тѳмѳнкγ чечимди кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жѳнγндѳ;
2) адамдарды чакыртуу, зарыл болгондо иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суратып алуу, экспертиза дайындоо жѳнγндѳ;
3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жѳнγндѳ;
4) протоколду тγзгѳн органга, кызмат адамына, Комиссиянын мγчѳлѳрγнѳ, протокол жана иштин башка материалдарын ыйгарым укугу жок адамдар тарабынан тγзγлгѳн, протокол туура эмес тγзγлгѳн жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулган же болбосо ишти кароодо толукталышы мγмкγн болбогон, берилген материалдар толук эмес болгон учурларда администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берγγ жѳнγндѳ;
5) эгерде бул ишти кароо Комиссиянын ыйгарым укукгарына таандык эмес болсо, администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протоколду жана иштин башка материалдарын ведомсволук караштуулугу боюнча кароого ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ; 6) ушул Жобонун 6.4-пунктунда каралган жагдайлар болгондо ѳндγрγштγ токготуу жѳнγндѳ.
8.4. Ушул Жобонун 8.3 -пунктунун 1-5 пунктчалары менен каралган Комиссиянын чечимдери аныктама тγрγндѳ чыгарылат.
8.5. Ушул Жобонун 8.3 -пунктунун 6 пунктчасында каралган Комиссиянын чечими токтом тγрγндѳ чыгарылат.
8.6. Жарандарга, юридикалык жакгардын ѳкγлдѳрγнѳ, кызматтык жана мыйзам боюнча аларга тещештирилген адамдарга иштин Комиссия тарабынан каралышынын датасы, убакгысы жана орду жѳнγндѳ Комиссиянын жыйналышы ѳткѳрγлгѳнгѳ чейин γч кγн калгандан кеч эмес кγндѳ милдеттγγ тγрдѳ маалымдалат. Иш администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын катышуусунда каралат. Ага иштин бардык материалдары менен таанышуу, далилдерди берγγ,ѳтγнγчтѳрдγ жана баш тартууларды билдирγγ, коргоочунун юридикалык жардамынан пайдалануу укугу, ошондой эле Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекске ылайык башка процесстик укуктар камсыз кылынат. Аларга ѳз убагында жана тиешелγγ тγрдѳ кабарлангандыгы жана алар тарабынан ишти кароону кийинкиге калтыруу жѳнγндѳ ѳтγнγч болбогон же болбосо, эгерде мындай ѳтγнγч канаттандырылбастан калтырылган учурда, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам (юридикалык жактын ѳкγлγ) Комиссиянын жыйналышына келбеген учурда Комиссия ишти ал жокто кароого укуктуу.
8.7. Зарыл учурларла Комиссия адамды алып келγγ жѳнγндѳ аныктама чыгарат. Эгерде анын катышуусу ишти кароодо милдетγγ болуп саналса, ал Комиссиянын чакыруусу
боюнча келγγдѳн качкан учурда мажбурлап алып келγγгѳ дуушар болушу мγмкγн. Алып келγγ администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти карап жаткан Комиссиянын аныктамасынын негизинде ички ишгер органы (милиция) тарабынан жγргγзγлѳт.
8.8. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти кароого киришип жатып, Комиссия:
- ишти ким карарын, кайсыл иш каралып жаткандыгын, ким жана кайсыл мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын жарыялайт;
- администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу ѳкγлγнѳн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу ѳкγлγнѳн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келгендигин ырастайт;
- иш боюнча ѳндγрγштγн катышуучуларынын инсанын белгилейт жана жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу ѳкγлдѳрγнѳн, коргоочунун жана ыйгарым укуктуу ѳкγлдγн ыйгарым укуктарын текшерет;
- иш боюнча ѳндγрγштγн катышуучуларынын келбегендигинин себептерин тактайт жана иште кѳрсѳтγлгѳн адамдap жокто кароо жѳнγндѳ же болбосо кароону кийинкиге калтыруу жѳнγндѳ чечим кабыл алат;
- зарыл учурларда ишти кароодо анын катышуучусу милдеттγγ болгон адамды алып келγγ жѳнγндѳ аныктама чыгарат;
- ишти кароого катышуучу адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин тγшγндγрѳт;
- билдирилген четке кагууларды жана ѳтγнγчтѳрдγ чечет;
- администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протоколду, ал эми зарыл болгондо иштин башка материалдарын угуза окуйт.
8.9. Ишти кароодо ага карата иш боюнча ѳндγрγш жγргγзγлγп жаткан жеке жактын тγшγндγрмѳлѳрγн, иш боюнча ѳндγрѳшкѳ катышып жаткан башка адамдардын кѳрсѳтмѳлѳрγ, зарыл болсо адистердин тγшγндγрмѳлѳрγн жана эксперттердин кортундусун угат, башка далилдер изилденет.
8.10. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти кароодо Комиссия администрациялык укук бузуу жасалгандыгын, ал адам аны жасоодо кγнѳѳлγ экендигин, ал администрациялык жоопкерчиликке тартылууга жатаарын, жоопкерчиликти жещилдетγγчγ жана оордотуучу жагдайлардын бар экендигин, материалдык зыян келтирилгендигин, администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ материалдарын жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакалдар сотторунун кароосуна ѳткѳрγп берγγ γчγн негиздер бар экендигин тактоого, ошондой эле ишти туура чечγγ γчγн мааниси бар башка жагдайларды тактоого милдеттγγ.
8.11. Комиссиянын жыйналышында ишти кароодо протокол тγзγγ милдеттγγ болот, анда тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлѳт:
1. ишти кароонун датасы жана орду;
2. ишти карап жаткан Комиссиянын курамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3. кайсы маселе каралып жаткандыгы;
4. ишти кароого катышуучу адамдардын келгендиги жѳнγндѳ маалыматтар;
5. четке кагуулар, ѳтγнγчтѳр жана аларды кароонун натыйжалары;
6. ишти кароого катышуучу тиешелγγ адамдардын тγшγндγрмѳлѳрγ, кѳрсѳтγγлѳр, тγшγнγктѳрγ жана корутундулары;
7. ишти кароодо изилденген документтер.
8.12. Комиссиянын токтому жыйналышка катышкан Комиссиянын мγчѳлѳрγнѳн жѳнѳкѳй кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат. Протоколго Комиссиянын жыйналышында тѳрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет.
Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ ишти карап чыгып, Комиссия тѳмѳнкγ токтомдордун бирин кабыл алат:
администрациялык жаза чарасын салуу жѳнγндѳ;
ишти токтотуу жѳнγндѳ;
бул администрациялык укук бузуу γчγн башка тγрдѳгγ же ѳлчѳмдѳгγ айыпты салууга ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ.
8.13. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча токтомго тѳрагалык кылуучу жана жооптуу катчы кол коет. Токтомдун мазмуну тѳмѳндѳгѳлѳрдγ камтышы керек: токтомду чыгарган Комиссиянын аталышын. ишти кароонун датасын, иш каралып жаткан адам жѳнγндѳ маалыматтарды, ишти кароодо белгиленген жагдайлардын баяндамасы, ал администрациялык укук бузуу γчγн жоопкерчиликти караган ченемдик актыга кѳрсѳтγγ, иш боюнча кабыл алынган чечим.
8.14. Эгерде администрациялык ишти кароодо зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык жаза чара салуу каралса, Комиссия КРнын «Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ» Кодекстин 48-беренесине ылайык кγнѳѳлγγ тарабынан келтирилген мγлктγк зыяндын ордун толтуруу менен администрациялык ишти кароо γчγн ишти соттун кароосуна ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ токтом чыгарат.
8.15. Ишти токтотуу жѳнγндѳ тoктом оозеки сын-пикир жарыялоодо, жашаган, иштеген жана окуган жери боюнча аксакалдар сотторунун же болбосо тергѳѳ же териштирγγ органынын кароосуна материалдарды берγγдѳ, ошондой эле ушул жобонун 7.2 -пунктунда каралган жагдайлар болгондо чыгарылат.
8.16. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат.
8.17. Токтомдун кѳчѳрмѳсγ γч кγндγн ичинде ага карата токтом чыгарылган адамга, ошондой эле анын ѳтγнγчγ боюнча жабырлануучуга тапшырылат же жиберилет. Токтомдун кѳчγрмѳсγ тилкат алуу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун кѳчγрмѳсγ жиберилсе, ишке бул жѳнγндѳ тиешелγγ жазуу жазылат.
8.18. Ишти карап жаткан Комиссия администрациялык укук бузуулардын жасалышына кѳмѳктѳшγγчγ себептерди жана шарттарды белгилѳѳдѳ тиешелγγ ишканага, мекемеге, уюмга жана кызмат адамдарына ал себептерди жана шарттарды четтетγγ боюнча чаралар кѳрγγнγн кийинкиге калтырылбастыгы жѳнγндѳ талапкат чыгарат.
Кѳрсѳтγлгѳн уюмдар жана адамдар талапкат келген кγндѳн тартып он кγндγн ичинде талапкат чыгарган Комиссияга кѳрγлгѳн чаралар жѳнγндѳ кабарлоого милдеттγγ болот.
Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча Комиссиянын токтому кызматтык жана юридикалык жактар, жарандар жана алардын бирикмелери тарабынан аткаруу γчγн милдеттγγ болот.
9. Администрациялык жаза чараларын салуу жѳнγндѳ токтомдун аткарылышы
9.1. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча Комиссиянын токтому кызматтык жана юридикалык жактар, жарандар жана алардын бирикмелери тарабынан аткаруу γчγн милдеттγγ болот.
9.2. Эгерде ал сотко даттанылбаса, администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча токтом oн кγндѳн ѳткѳндѳн кийин мыйзамдуу кγчγнѳ кирет.
9.3. Токтомго даттануу токтомдун кѳчγрмѳсγ тапшырылган же администрациялык жаза чарасын салуу жѳнγндѳ токтом жаранга жарыяланган кγндѳн тартып он кγндγн ичинде берилиши мγмкγн.
9.4. Даттануу берѳѳ администрациялык жаза чара салуу жѳнγндѳ токтомдун аткарылышын даттануу сот тарабынан каралганга чейин токтотулат.
9.5. Алардын айынан администрациялык жаза чара салуу жѳнγндѳ токтомду белгиленген мѳѳнѳттѳ аткаруу мγмкγн болбогон жагдайлар болгондо Комиссия анын аткарылышын бир айга чейинки мѳѳнѳткѳ кийинкиге калтырышы мγмкγн.
9.6. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын материалдык абалын эске алуу менен администрациялык айып акыны тѳлѳѳ Комиссия тарабынан γч айга чейинки мѳѳнѳткѳ кийинкиге калтырышы мγмкγн. Эскертγγ тγрγндѳгγ администрациялык жаза чара салуу жѳнγндѳ токтом чыгарган Комиссия тарабынан токтомдун кѳчγрмѳсγн укук бузуучуга тапшыруу же жиберγγ жолу менен аткарылат. Айып акы салуу жѳнγндѳ токтом укук бузуучу тарабынан ѳзγнѳ ал токтом тапшырылган кγндѳн тартып бир айдан кеч эмес, ал эми токтомго даттануу болгон учурда даттанууну же токтомду канааттандырбастан калтыруу жѳнγндѳ маалымдалган кγндѳн тартып он беш кγндѳн кеч эмес аткарылууга тийиш. Администрациялык укук бузуу жасалгандык γчγн салынган айып укук бузуучу тарабынан банк же Кыргыз Республикасынын почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине нак акча же нак акчасыз тѳлѳмдѳр тγрγндѳ салынат.Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча айып акыны тѳлѳѳ тууралуу дγмγрчѳк Комиссияга кѳрсѳтγлγп, дγмγрчѳктγн кѳчγрмѳсγ администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иштин материалдарына кошо тиркелет.
9.7. Комиссия тарабынан салынган администрациялык укук бузуу γчγн айып акылардын суммалары тиешелγγ жергиликтγγ бюджеттерге которулат. Мында керек-жарактын коомдук бирикмелерин (алардын бирликтерин, ассоциацияларын) текшерγγнγн материалдары боюнча Комиссия тарабынан салынган администрациялык айып акылардын суммаларынын ичинен айып акыларынын суммасынын 30 пайызы ал керек-жарактын коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине которулат.
9.8. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан айып акыны белгиленген мѳѳнѳттѳ тѳлѳбѳгѳн учурда Комиссия Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекстин 615 жана 616- беренелеринде каралган администрациялык айып акы салуу тууралуу токтомду мажбурлап аткартуу боюнча чараларды кѳрѳт.
9.9. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча токтом Кыргыз Рсспубликасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткapтVV γчγн соттук аткаруучуга жиберилгенде Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди эсепке алуу журналына тиешелγγ жазуу жазат.
Ал боюнча айып акыны ѳндγрγп алуу толугу менен жγргγзγлгѳн айып акы салуу жѳнγндѳ токтом аткарылгандыгы жѳнγнд белгиси менен Комиссияга кайтарып берилет.
9.10 Администрациялык жаза чара салуу жѳнγндѳ токтом чыгарган Комиссия токтомдун аткарылышын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодекстин 608-беренесинде каралган учурларда токтотот.
10. Комиссиянын иш кагаздары
10.1. Комиссияда иш кагаздарын жургузууго жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан жγзѳгѳ ашырылып, ал анын абалы γчγн жоопкерчилик тартат.
10.2. Эсепке алуу журналын жγргγзγγ, сакталышы, аларга жазылуучу маалыматтарды ѳз убагында жана аныктыгы γчγн жоопкерчиликти жоопту катчы тартат. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш боюнча ѳндγрγштγн катышуучуларына бардыгы зарыл документтерди жиберγγнγ Комиссиянын жооптуу катчысы жγргγзѳт.
10.3. Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер боюнча маалымдамалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки кγндѳн кеч эмес жиберилγγгѳ тийиш. Жиберилген маалымдама даректелгенге тапшырылбаган учурларда Комиссиянын жооптуу катчысы аны тапшырбоонун себептерин токтоосуз тактоого, бул жѳнγндѳ Комиссиянын тѳpaгacына айтууга жана анын кѳрсѳтγγсγ боюнча маалымдаманы ѳз убагында тапшырууну камсыз кылуучу чараларды кѳрγγгѳ милдеттγγ.
10.4. Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдардын маалымдамаларынын бланкынын айрып алма бѳлγгγ ишке кошо кѳктѳлѳт.
10.5. Укук бузуучуга карата Комиссия тарабынан администрациялык айып акы салуу жѳнγндѳгγ чечим чыгарылган учурда катчы укук бузуучуга банктын реквизиттерин, укук бузуучу жоопкерчилике тартылган беренени жана айып салган комиссияны жана токтомдун кѳчγрмѳсγн тапшырат.
10.6. Комиссиянын жооптуу катчысы администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди топтоп, аларга хронологиялык тартипте тѳмѳнкγлѳр кошо кѳктѳлѳт:
-администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ протокол жана иш боюнча башка материалдар;
- алардын келип тγшγγ тартибинде жыйналыштын жγрγшγндѳ ишке бардык кошо тиркелген документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын жыйналышынын протоколдору;
-ишти кароонун натыйжалары боюнча жыйналышка чыгарылган аныктамалар, токтомдор, кѳрсѳтγγ каттары;
Бардык документтер делого алардын тексти толук кѳрγнγп тургандай кѳктѳлѳт.
10.7. Комиссиялар тарабынан каралуучу бардык администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштер эсепке алынууга жатат. Администрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иштин номери ѳзγнѳ каттоо журналы жана келип тγшкѳн жыл боюнча иштин ирээттик номерин камтыйт.
10.8. Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ протоколду тγзγγчγ ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары ар бир айлык негизде администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди кароо тууралуу маалыматтарды Комиссиялар менен салыштырып тактоону жγргγзѳт.
10.9. Комиссия ар бир айда Комиссия тарабынан салынган айып акыларды тѳлѳѳ катары келип тѳшкѳн акча каражаттарын казыначылыктын райондук бѳлγмдѳрγ менен салыштырылып тактоону жγргγзѳт.
10.10. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан аныкталуучу тартипте, ошондой эле «Адмииистрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ» кодекстин 546-5 546-8-беренелеринде белгиленген тартипте Комиссиялар салынган администрациялык жаза чаралар жана администрациялык укук бузууларды жасаган адамдар жѳнγндѳ маалыматтарды эсепке алуу, тутумдаштыруу жана сактоо максатында, чыгарылган эскертγγлѳрдγ албаганда, салынган администрациялык жаза чаралардын маалыматтарынын электрондук базасын жγргγзѳт.
10.11. Маалыматтардын электрондук базасынан тышкары Комиссия тѳмѳнкγ эсепке алуу журналдарын жγргγзγγгѳ милдеттγγ:
-администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди эсепке алуу журналын,
-аларга карата адмииистрациялык укук бузуу жѳнγндѳ иш ачылган адамдарга жиберилген маалымдамаларды эсепке алуу журналын (№ 4 тиркеме). Журналдарга номер коюлууга, кѳктѳлγγгѳ, мѳѳр басылууга тийиш, журналдардагы бардык жазуулар даана, кѳк тγстѳгγ сыр (паста) менен жазылат.
10.12. Журналдардын сактоо мѳѳнѳтγ 3 жыл. Администрациялык укук бузуулар жѳнγндѳ иштерди сактоонун мѳѳнѳтγ 5 жыл кѳрсѳтγлгѳн мѳѳнѳт аяктагандан кийин алар тизмеленип архивге ѳткѳрγп берилет.
Эсепке алуу журналдары ички пайдалануу документтери болуп саналат жана КРнын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, комиссиянын тѳрагасынын уруксаты жок уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына берилиши мγмкγн эмес.
11. Жоопкерчилик
11.1. Комиссиянын кызмат адамдары, башка мγчѳлѳрγ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик алышат.
12. Жыйынтыктоочу жобо
12.1. Ушул Жобо Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кенеши тарабынан бекитилгенден кийин кγчγнѳ кирет.
12.2. Жобо менен бирге тиркеме № 1 протоколдун формасы, тиркеме № 2 токтомдун формасы, тиркеме № 3 кабарламанын формасы, тиркеме № 4 журналдын формасы.
12.3. Жобого ѳзгѳртγγ жана администрациялык комиссиянын ишин токтотуу боюнча чечимди Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кенеши тарабынан чыгарылат.