Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 330
Ош шаардык «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык мекемеси ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын тарифтерин колдонууга жана амортизациялык чыгымдарды эсептѳѳгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 478/08-6- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу отун-энергетикалык комплексти жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик Агенттигинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 200-буйругу менен бекитилген Ош шаардык «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык мекемеси ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын тарифтерин колдонууга жана амортизациялык чыгымдарды эсептѳѳгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 1-февралындагы № 3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу отун-энергетикалык комплексти жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик Агенттигинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 200- «Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык мекемесинин отканалары ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын тарифтери жѳнγндѳ» буйругу менен бекитилген тарифтерди колдоонуга жана амортизациялык чыгымдарды эсептѳѳгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |