Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 331
Шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 305-«Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы менен Ош шаарындагы Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин карамагындагы автоунааларын алмаштырууга макулдук берγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоо киргизγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынан 2016-жылдын 18-январындагы Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги ХХXIII сессиясынын № 305-токтомуна толуктоо киргизγγ жѳнγндѳгγ № 478/08-6-катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 1-февралындагы № 4-токтомун, ошондой эле сессияда сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы кезектеги ХХXIII сессиясынын № 305-«Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы менен Ош шаарындагы Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин карамагындагы автоунааларын алмаштырууга макулдук берγγ жѳнγндѳ» токтом тѳмѳндѳгγ пункт менен толукталсын:
- Алмаштырылган автоунаалар мыйзам чегинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алынсын жана «Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын чарбалык башкаруусуна ѳткѳрγп берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу | А. Аланов |