Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/2
«Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылдагы аткарылышы жөнүндө»
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т. Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |