Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 19/3
«Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 27884,7 миң сом (анын ичинен 3900,0 мин сом атайын каражат) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 40, анын ичинен айыл башчылар 12, ВУС инспектору 4, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис, жетектөөчү адис жана адис - 20 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 16 штат анын ичинен 7 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 9 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2016-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин
4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
5. Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан тушуучу каражаттын тартыштыгына байланыштуу, жергиликтуу бюджеттен ар бир бала учун бир кунуно 8 сомдон акча каражаты караласын.
6.Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын, 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.
7.Жоош айыл өкмөтүндөгү 2015-жылы жумшалбай калган акча каражаты – 991,3 мин сом негизги бюджеттен, 292,5 мин сом атайын каражат кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
8. Жоош айыл өкмөтүнүн кассадагы акча жүгүртүүсү 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. 2015-жылдын 20-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын № 11-44-2588-15 текшеруунун жыйынтыгы менен жооптуу кызматкерлердин максаттуу пайдаланууга берилген акча каражаты жана анын иштетилуусу жонундогу авансалык отчетторду оз убагында тапшырбагандыгы каралып аларга оозеки турундо эскертуу берилсин жана мындан ары ишиндеги жоопкерчилиги каралсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К. Бердикулов |